“Шах-Фазиль”: исламды орнотуунун изи
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

“Шах-Фазиль”: исламды орнотуунун изи

“Шах-Фазил” тарыхый-маданий комплекси Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан.

Күмбөздөр 11-12-кылымдарда Караханиддер доорунда курулган. Комплексттин ичинде Шах-Фазилдин күмбөзү, баштар көмүлгөн күмбөз, Булан аттуу кыз коюлган “Сафед-Булан” күмбөзү жана башка сакабалардын мүрзөлөрү бар.

Уламыштар боюнча сакабалар 7-кылымдарда Фергана өрөөнүнө исламды орнотуу үчүн келгенде аларды мечитте кырып кетишкен. Кийин көмүлгөн жерден 2772 баш табылган деп айтылат.