Hello Ladies: төрөттөн кийинки депрессияны ачык айтып жеңүү керек
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Hello Ladies: төрөттөн кийинки депрессияны ачык айтып жеңүү керек

Адистердин айтымында, төрөттөн кийин аялдардын дээрлик баары хандрага, башкача айтканда, депрессияга чейинки абалга туш болушат. Ал эми жаңы көз жаргандардын дагы бир чоң бөлүгү депрессияга кабылат. Психологдордун статистикасына ылайык, алардын 70 пайызы депрессияны өзү жеңсе, 20 пайызы психологдун жардамына муктаж, ал эми он пайызын терең дарылаш керек.

Hello Ladies түрмөгүндө төрөттөн кийинки депрессиядан чыгуу жолдору жана ал боюнча кыргыздардагы стереотиптер тууралуу талкуу болот. Ага энелер менен иштеген психолог Мээрим Эркебаева жана тун баласын көргөн Асел Кожомжарова катышты.