"Спорт эркектер үчүн гана эмес"
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Спорт эркектер үчүн гана эмес"

Он тогуз жаштагы Каным он беш жашынан бери спорт менен алектенет. Сыртынан назик көрүнгөнү менен Каным эркин күрөш боюнча спорт чебери жана Кыргызстан чемпионатынын жеңүүчүсү.

Мындан тышкары көптөгөн эл аралык турнирлердин катышуучусу. Жоолукчан кыз бул ийгиликтерге жетишүү үчүн спортто көптөгөн тоскоолдуктарды башынан кечирген. Алардын эң эле орчундуусу бул – “спорт аялдар үчүн эмес” деген мамиле.