Афганистандагы Германиянын элчилигинде жардыруу болду

Афганистандагы Германия элчилиги
Image caption Афганистандагы Германия элчилиги

Афганистандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында жардыргыч шыкалган унаа Германиянын элчилигинде жарылды.

Жардыруудан кеминде 2 киши каза таап, 32ге жакыны жарат алды. НАТОнун маалымат катчысы бул окуя тууралуу эл аралык аскердик коалиция иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлоодо.

Интернет колдонуучуларынын жазып жаткан маалыматтарына караганда, немец элчилигин бир катар тик учактар айланып турат, ал эми тез жардам кызматтары шаар көчөлөрүнөн тез ылдамдыкта өтүүдө.

Германиянын тышкы иштер министрлиги Мазари-Шарифдеги элчиликке кол салуу болгонун ырастады. Министр Франк-Вальтер Штайнмайер жардыруунун себептерин, ким тарабынан ишке ашканын иликтөө үчүн кризистик борбор түзүү тапшырмасын берди.

Image caption Жардыруудан кеминде эки киши көз жумду

Кол салууну 'Талибан' кыймылы өз жоопкерчилигине алды. Согушчандардын айтымында, бул аракет жакында эле АКШ Кундуз шаарына абадан сокку урганда жайкын тургундар каза тапканы үчүн жооп иретинде жасалган.

Маалымат каражаттары бул соккудан отузга жакын киши курман болуп, анын ичинде жаш балдар да болгон деп жазууда. Америкалык аскерий күчтөр сокку урганын моюндагыны менен канча киши жабыр тартканы тууралуу маалымат айткан жок.

Кундуз - стратегиялык жактан маанилүү транспорттук борбор катары саналат. Ошондой эле ал Афганистандын эң ири шаарларынын бири. Талибдер үчүн Кундуз апийим аткезчилигин жүргүзүүдөгү маанилүү шаар, товар бул аймак аркылуу Азия жана Европага тарайт.

Тектеш темалар