Владимир Путин Дональд Трамп менен биринчи жолу сүйлөштү

Дональд Трамп, Владимир Путин Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption Дональд Трамп, Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын шайлоону жеңген президенти Дональд Трамп биринчи жолу телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

“Сүйлөшүү учурунда Владимир Владимирович Путин жана Дональд Трамп орус-америка алакасынын азыркы абалы канааттандыраарлык эмес экенин баалоодо гана бир пикирге келбестен, аны жөнгө салуу тууралуу да ойлорун айтышты”, - деп жазылат бидирүүдө.

Путин тең укуктуулук, сыйлоо жана бири-биринин ишине кийлигишпөө принциби менен диалогго барууга даяр экенин айтты.

Андан сырткары Путин менен Трамп биринчи душман – эл аралык терроризмге каршы биригүү зарылдыгын белгилешти.

“Эң сонун кат”

Өткөн аптада Дональд Трамп Wall Street Journal гезитине берген интервьюсунда орус лидеринен “эң сонун кат” алганын айткан.

Путин Трампка куттуктоо катын 9-ноябрда АКШнын шайлоо жыйынтыктары белгилүү болгондо жиберген.

Кремль билдиргендей, орус президентинин катында “орус-америка мамилесин кризистик абалдан чыгаруу үчүн, эл аралык маанидеги актуалдуу маселелерди чечүү жана глобалдык коопсуздукка чара көрүү үчүн бирге иштешүүгө үмүтүн” билдирген.

Ошол эле күнү Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Орусия президенти республикачыл Дональд Трамп кызматына расмий киришмейин эч кандай байланышка барбай турганын айткан.

Кийинки күнү Песков орус бийлиги азырынча Американын расмий администрациясы менен кызматташып жатканын, ал эми жаңы шайланган президенттен конструктивдүү белги күтүп жатканын билдирген.

Үгүт кампаниясы учурунда Дональд Трамп шайлоону ал жеңсе Орусия менен АКШ мамилеси жакшыраарын айткан. (AK)