НАТОдогу түрк офицерлер Германиядан баш паанек сурашты

Германия бийлигинен баш паанек сураган офицерлер "Рамштайн" аскер базасында иштешет.
Image caption Германия бийлигинен баш паанек сураган офицерлер "Рамштайн" аскер базасында иштешет.

Германиянын түштүк чыгышындагы НАТОнун 'Рамштайн” аскердик базасында иштеген бир топ офицер бул өлкөдөн баш паанек сурады.

Авиа база турган Рейнланд-Пфальц федералдык жеринин бийликтери канча аскер кызматчысы жөнүндө сөз болуп жатканын так айтышкан жок.

Анкарада ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш болгон июль айынан тарта түрк бийликтери миңдеген аскер кызматчыларын камакка алышты.

Германиянын бийликтери Түркиядагы массалык камап-кармоолор боюнча бир нече жолу тынчсыздануу билдиришкен. Ошол себептүү НАТОдогу эки союздаштын мамилеси бир топ начарлады.

Кутумчулар менен кандайдыр бир байланышта деген айыптоолор менен өлкөдө 110 миң адам кызматынан алынды же четтетилди, 37 миң камакка алынды.

Тектеш темалар