Нью-Йорктун жашоочулары Трамптын саясатынан кооптонууда

Нью-Йорктун мэри Бил де Бласио Трамп мунарасынан чыгып жатат
Image caption Нью-Йорктун мэри Бил де Бласио Трамп мунарасынан чыгып жатат

Нью-Йорктун мэри Дональд Трампка шаардын тургундары анын администрациясынын жасай турган кадамдарынан чочулап жатканын билдирди.

Трамптын мунарасындагы жолугушууда мэр Бил де Бласио тиешелүү документтери жок имигранттарды депортациядан коргой турганын Трампка айтты.

Ал имигранттардын көпчүлүгү жашаган шаарда Трамптын пландары ишке ашпайт деди.

Трамп тиешелүү документтери жок, мурда кылмыш жасаган үч миллионго жакын имигранттарды депортациялагысы келерин айткан.

Бул сандын тактыгы талаш жаратып келген. Миграция боюнча мекеме тиешелүү документтери жок 820 000, анын ичинде чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттар бар экенин билдирди.

Де Бласио АКШнын жаңы шайланган президентинин имиграция боюнча саясатына каршы чыккан жалгыз мэр эмес.

Лос Анжелес, Сан Франциско, Чикаго, Бостон, Филаделфиа жана Вашингтондун мэрлери да өз имигранттарын депортациядан коргойбуз деп убада берген.

Де Бласио Трамптын жеңишинен кийин базадагы керектүү документтери жок мигранттардын аттарын өчүрүп сала турганын айткан.

Нью-Йорктун мэри, анын Трамп менен бир сааттык жолугушуусу абдан ачык-айкын жана достук маанайда өткөнүн кабарчыларга билдирди.

“Мен бул өлкөнүн башка шаарларындай эле Нью-Йорк дагы өзүнүн тургундарын коргоп, алардын үй-бүлөлөрүнөн ажыратылбашы үчүн бардык аракеттерди жасай турганымды дагы бир ирет кайталайм”, - деди мэр.

Де Бласио АКШга чет жерден келгендерден үч эсе көп мигранттардын үйү болуп калган Нью-Йорк бардыгына ачык экенин жана шаар муундан муунга өткөн имигранттардын салымы менен ийгиликтерге жеткенин белгиледи.

Андан тышкары Де Бласио Трамптын туулуп өскөн шаары Клинтонго добуш бергенине карабастан жакшы көрөрүн кошумчалады.

Тема боюнча башка макалалар