Синдзо Абэ Дональд Трампка терең ишенет

Эки лидер Трамп мунарасында жолукту
Image caption Эки лидер Трамп мунарасында жолукту

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен өткөн бир жарым сааттык жолугушуу ачык-айкын жана достук маанайда болгонун билдирди.

Трамптын үгүт өнөктүгү учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү АКШ менен Жапониянын көптөн бери келе жаткан мамилесин бузат деген ойлор болгон.

Бул Трамп шайлоону жеңгенден бери Жапон лидери менен эң биринчи жолугушуусу болду.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап, АКШ Жапониянын экономикасын өз калыбына келтирүүгө жардам бергенден бери эки өлкөнүн ортосунда өнөктөштүк уланып келет.

Жаңы шайланган президент Трамп Кытай экономикасынын өнүгүүсүнө каршы багытталган Тынчтык океан кызматташуу келишимин жокко чыгараарына убада берген.

Аталган келишим Трамп президенттик ишин баштагандан кийин жокко чыгарылышы мүмкүн экенине карабастан, Жапон парламенти тарабынан бекитилген.

Трамп Жапониядагы АКШ аскерлерине ал жерде дагы калыш үчүн Жапония көбүрөөк төлөш керек деди. Ал Түндүк Кореянын коркунучуна каршылык көрсөтүү үчүн Жапония менен Түштүк Корея өздөрүнүн өзөктүк куралын өнүктүрүш керек деген пикирин ортого салды.

Бул жолугушууну өткөрүү Синдзо Абэ Дональд Трампты куттуктоо үчүн чалган телефон маегинде макулдашылган. Синдзо Абэ телефон маегинде Перуда өтө турган Азия-Тынчтык океан саммитине бара жатып Нью-Йоркто токтоорун айткан.

Жолугушуудан кийин Абэ узакка созулган сүйлөшүү абдан ачык-айкын болгонун айтты.

“Мен эки өлкөнүн ортосундагы мамилесинде ишеним болмоюн келечекте өнөктөштүгүбүз алдыга жылбайт деп ойлойм, ал эми бүгүнкү жолугушууда Трамптын чыныгы лидер экенинде күмөн калган жок”, - деди Абэ.