АКШ Москва менен Дамасктан Алепподогу кан төгүүнү токтотууну талап кылууда

БУУнун маалыматына караганда Алеппонун чыгыш тарабында 275 миң жайкын тургундар калган болушу мүмкүн
Image caption БУУнун маалыматына караганда Алеппонун чыгыш тарабында 275 миң жайкын тургундар калган болушу мүмкүн

АКШнын бийликтери Алепподогу ооруканаларды россиялык же сириялык согуштук учактар бомбалады деп билдирип, Москваны Асаддын өкмөтүнө кан төгүүнү токтотуу үчүн таасир көрсөтүүгө чакырууда.

Ал аңгыча, БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү президент Башар Асаддын күчтөрү жакын арада Алеппонун чыгыш тарабындагы көтөрүлүшчүлөрдү талкалоо үчүн чоң чабуулга өтүшү мүмкүн экенин эскертти. Анын айтымында, бул АКШнын жаңы президенти кызматына кирише турган 20-январга чейин болушу ыктымал.

Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Джон Кирби билдиргендей, бомбалоо жөнундө маалыматтар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, “Чек арасыз дарыгерлер” сыяктуу таанымал гуманитардык уюмдардан, адам укуктарына байкоо салуу боюнча сириялык борбордон, ошондой эле жеке адамдар жана ар кандай уюмдардан, чалгын кызматтарынан келип түшүп жатат.

"Эмне болуп жатканы жөнундө бизде жетиштүү түшүнүк бар", - деди Кирби.

"Кимдир бирөө оорукананы бомбалады. Биз билебиз, бул коалиция же АКШ эмес экенин. Анда эки эле тарап калып жатат – Сирия же Россия, алардын бири же экинчиси',-деди мамдепартаменттин өкүлү.

Кирбинин айтымында, Россия баары бир жоопкерчилик көтөрүүгө тийиш, анткени ал Башар Асаддын режимине колдоо көрсөтүп жатат.

Ал ошол эле учурда Россия эгер Сириянын президентине өзүнүн таасирин пайдаланса, кан төгүүнү токтото алат деген ишенимде.

Москва өз кезегинде ага коюлган күнөөлөрдү четке кагууда. Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү айыптоолорду жалган маалыматтарга негизделген деп жооп кайтарды.

Россиянын Коргоо министрлиги орус учактары Алеппого бир айдан бери эч кандай сокку ура электигин билдирүүдө.

Тектеш темалар