Трамптын администрациясына дайындалган биринчи айымдар Ники Хейли менен Бетси Девос болду

Солдо Ники Хейли менен Бетси Девостун Сенаттын колдоосу керек
Image caption Солдо Ники Хейли менен Бетси Девостун Сенаттын колдоосу керек

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп администрациясына биринчи эки айым дайындады.

Түштүк Каролинанын губернатору Ники Хейли АКШнын БУУдагы элчиси, ал эми Бетси Девос билим берүү министри болуп дайындалды.

Жогоруда аталган эки айым тең Трампты буга чейин сынга алып келген. Хейли “мен Трамптын жактоочусу эмесмин” деп айткан болсо, Девос Манхеттендик миллиардерди “эл каалабаган талапкер” деп атаган.

Өз партиясынан президенттике талапкер болууга Трамптын атаандашы Бен Карлсон дагы жакында бир кызматка дайындалаарын четин чыгарып айтты.

“Американы кайрадан улуу мамлекет кылуу үчүн кызматка дайындалуум тууралуу жакында жарыялоо болот.

Трамп Карсонду АКШнын Үй куруу жана шаардын өнүгүүсү боюнча департаментке дайындоону ойлоп жатканын твиттерде экинчи күнү жазган.

Хейли менен Девостун кызматка дайындоолорун Республикалык партия көзөмөл кылган Сенат колдош керек.

Трамп Хейлини келишимди мыкты түзүүдө сыноодон өткөнүн белгилеп, алдыда көп келишимдер турганын билдирди.

“Ал дүйнөдө биздин өлкөнүн өкүлү катары мыкты лидер болот”, деди Трамп. (UA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар