Сирия армиясы Алепподо дагы бир нече районду өзүнө каратты

Image caption Маалыматтарга ылайык, Алеппонун чыгышынан бир нече миң жайкын тургун качып чыга алган

Асаддын армиясы козголоңчулар ээлеген шаардын чыгышына кыйла терең кирип барды. Жекшемби кечинде армия Сакхур, Хайдария жана Бистан-аль-Баша кварталдарын колго алууга аракет кылып баштады.

Мурдараак жекшембиде Сирия бийлик күчтөрү стратегиялык маанилүү райондор Жабал Бадро жана Масакин-Хананону өз көзөмөлүнө алган.

Масакин-Хананону мамлекеттик армия ишембиде тынымсыз авиасоккулардан кийин алды. Согуш жекшембиде да уланды.

Козголоңчулар жооп катары сириялык армиянын көзөмөлүндөгү Алеппонун батыш райондорун ракетадан аткылоосун күчөттү.

Сирия армиясынын кол салуусу Иран каржылаган шийит козголоңчулары жана орус авиациясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Адам укуктарына көз салуу боюнча Британиядагы Сирия борборунун маалыматына ылайык, кирип барган кварталда 219 жайкын тургун, анын ичинде 27 бала өлгөн.

Image caption Сирия өкмөтүнө караштуу күчтөр ишембиде Масакин-Ханано районун көзөмөлүнө кайтарып алды

Бир нече миң жашоочу согуш жүрүп жаткан райондордон Башар Асаддын күчтөрү көзөмөл кылган кварталдарга, козголоңчуларга караган райондорго да качканы кабарланууда.

Алепподо дагы 275 миң жашоочу бар деп эсептелет.

Сириялык укук коргоочулар билдиргендей, чыгыш Алепподогу жергиликтүү бейтапканалардын дээрлик баардыгы талкаланган, азык-түлүк жана дарылар тартыш.

“Тирүү калбайбыз”

Алепподогу маалыматтары менен бөлүшүп, “Твиттерде” миң окурман чогулткан жети жаштагы Бана Алабед жекшембиде шаардын чыгышындагы үйү бомба алдында калганын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу @ALABEDBANA
Image caption "Бүгүн биздин үйүбүз жок. Аны бомбалап кетишти, мени шагылдар басып калды. Өлүмдөрдү көрдүм, мен дагы дээрлик өлдүм"

“Бүгүн биздин үйүбүз жок. Аны бомбалап кетишти, мени шагылдар басып калды. Өлүмдөрдү көрдүм, мен дагы дээрлик өлдүм”ндан бир нече саат мурда “Твиттерде” Бананын апасы жазган маалымат чыккан: “Бул акыркы маалымат. Мындай катуу бомбалоонун алдында биз тирүү калбайбыз. Биз өлгөндө калып жаткан 200 миң адам үчүн сүйлөөнү уланткыла. Кошкула. Фатима”.

Image caption Бана Алабед жана энеси Фатима чыгыш Алепподо болгондорду “Твиттерге” жазышат

Азыр Алепподо эмне болуп жатканын так элестетүү кыйын. Асаддын армиясы Сакхур кварталы тарапка жылганы белгилүү. “Рейтер” агенттиги билдиргендей, өкмөттүк күчтөр Холок районун алды, ал эми сириялык укук коргоочулар армия Баадинге да кирди деп жатышат.

Жай тургундар качууда

Күртчүл күчтөр Бустан-ал-Баша районун басып алганы маалымдалды. Адан 2,5 миң жайкын тургун шаардын түндүк бөлүгүнө качты делип жатат.

Сирия армиясынын өкүлдөрү 1,5 миң жашоочуга бийлик көзөмөлдөгөн Алеппонун батышына качып кетүүгө жардам бергенин айтууда. Ошол эле учурда орус маалымат агенттиктери 900 жай тургун, алардын 119у балдар чыгыш райондордон өздөрү, армия келгенге чейин эле качып чыгышканын жазды.

Качкындардын айрымдары “Рейтер” агенттигине бомбалоодон жана хлор газынан коргонуп жатканын айтышкан.

Чыгыш Алеппого өкмөттүк күчтөрдүн кирүүсү он үч күндөн бери уланууда. Шаарды карамагына алуу өлкөдө беш жылдан бери уланып жаткан согушта Башар Асаддын эң ири жеңиштеринен болот.

Би-Би-Си баяндамачысы Себастиан Ашердин анализи

Бул Алепподогу козголоңчуларга эң олуттуу сокку. Алар өкмөттүк күчтөргө алдырып, жеңилип бараткандай.

Ханано кварталын басып алуу Башар Асаддын стратегиялык жеңиши жана ошол эле убакта козголоңчулардын символикалык жоготуусу болуп калды. Ал козголоңчулар 2012-жылы тартып алган Алепподогу биринчи квартал болчу.

Өкмөттүн күчтөрү козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакты экиге бөлүүгө аракет кылып жаткандай. Сакхур району үчүн катуу күрөш жүрүүдө – эгер козголоңчулар аны алдырса, армия максатына жеткен болот.