Сириядагы конфликт: Алеппону алдыруу менен согуш бүтүп калбайт

Сириянын армиясы чыгыш Алеппого  кирип, аймактын түндүк райондорун басып алган
Image caption Сириянын армиясы чыгыш Алеппого  кирип, аймактын түндүк райондорун басып алган

Оппозициячыл топтордун көзөмөлү алдындагы чыгыш Алепону алдырууБашар Ассадга каршы согуштун токтоп калганын билдирбейт деп Сирия оппозициясынын башкыөкүлү Жорж Сабра Би-Би-Сиге билдирди.

Бирок Сабра тынчтык келишимине келүү андан да кыйыныраак болуп калаарын кошумачалады. Ири аба чабуулдары менен Сириянын армиясы Алепо аймагынын үчтөн бир бөлүгүн кайтарып алган.

Оппозициячыл топтор коргонууга өткөндүгүн билдиришти.Дем алыш күндөрү ири согуш операцияларынан кийин миңдеген жарандар курчоодо калган Алепподон чыгып кетүүгө мажбур болушту.

Жорж Сабра Алепподогу жеңилүү революциянын аяктаганын билдирбейт деп Би-Би-Сиге билдирди.

Алеппо революциянын жүрүшү үчүн абдан маанилүү шаар, бирок керектүү аймактардын ичинен эң акыркысы эмес”,-деди ал. “Азыркы учурда “Сириянын эркин армиясы” көптөгөн жерлерге көзөмөл кылууда.

“Мындай жагдайда тынчтык келишимге келүү ойго да келбейт”,-деди ал. Эки аптадан бери тыгнымсыз уланып жаткан аба соккулардан кийин Сириянын армиясы чыгыш Алеппого кирип, аймактын түндүк райондорун басып алган. (UA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар