Огайо университетине кол салган Сомалиден келген качкын болгон

Кол салган адам инженердик факультеттин имаратына автомобиль менен келип, жөө жүрүүчүлөрдүн жолунан бир нече адамды сүзгөн Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Кол салган адам инженердик факультеттин имаратына автомобиль менен келип, жөө жүрүүчүлөрдүн жолунан бир нече адамды сүзгөн

Кол салган адам Огайо университететинин 18 жаштагы сомалилик студенти болгон. Абдул Разак Али Артан Сомалиден качып келип, АКШнын мыйзамдуу тургуну болгон. Кол салуу терракт болгонун полиция жокко чыгарбайт.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат ондо Абдул Разак Али Артан инженердик факультеттин аймагына өз автоунаасы менен келип, өтүп бара жаткан бир нече адамды сүзгөн. Күбөлөр айтып бергендей сүзгөндөн кийин ал машинасынан түшүп бычак менен элге кол салган.

Окуя болгон жерге жакын аймакка газ чыгып жатат деген чакырык менен келген полиция кызматкерлери бир мүнөткө жетпей аны атып өлтүргөн.

Image caption 28 жаштагы офицер Алан Хружко окуя болгон жерге келип, кол салган адамды атып өлтүргөн

Кол салуунун күбөсү болгондордун бири Мартин Шнайдер, айдоочу чыгып бычак менен кол салганга чейин бул окуяны авто кырсык деп ойлогонун айткан.

Жабыркагандардын арасында университет кызматкерлери жана студенттери болгон.

Кырдаал турукташканча жакын жайгашкан мектептердин бардыгы окуучуларын сыртка чыгарган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Огайо штатынын университети АКШдагы ири университеттердин бири болуп саналат

Коопсуздук кызматынын билдиришинче, өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ өз тарапкерлерин колуна эмне тийсе ошону менен кол салууга чакырган.

Тема боюнча башка макалалар