Аба майданда учуп бара жаткан учак Колумбияда кулады

Самолеттун бортунда бразилиялык “Шапекоэнсе” футболдук клубунун оюнчулары болушкан
Image caption Самолеттун бортунда бразилиялык “Шапекоэнсе” футболдук клубунун оюнчулары болушкан

Жүргүнчүлөрдү ташыган BAE Avro RJ85 учагы 72 жүргүнчү жана 9 экипажы менен Колумбиянын түндүк-батышындагы Меделин шаарынын аэропортуна жакын жерде кулады.

Алдын ала маалыматтарга караганда алты киши аман калган.

Сан-Паулодон чартердик рейсти аткарган учактын бортунда, Меделинге Түштүк Американын кубогунун финалына бара жаткан бразилиялык 'Шапекоэнсе' футболдук клубунун оюнчулары болгон. Алар жергиликтүү 'Атлетико Насьональ' клубу менен беттешмек.

Аэропорттун расмий билдирүүсүнө караганда, экипаж кыймылдаткычта көйгөй болуп жатканын билдирген. Жергиликтүү маалымат каражаттары, майдын аз экенин жана чукул конууга аргасыз болгонун жазып жатат.

Кырсык Антиокия провинциясынын Ла-Уньон шаарында болгон. Жергиликтүү бийликтер кырсык болгон жерге барууга 'аба ырайынан улам' чектөө киргизилгендигин белгилеген. Колумбиянын аймагында акыркы сааттарда туруксуз аба ырайы, катуу шамаал жана жаан чачын күтүлүүдө.

Самолеттун бортунда бразилиялык “Шапекоэнсе” футболдук клубунун оюнчулары болушкан.

BAE Avro RJ85 же коммерциялык British Aerospace 146 катары таанылган орто көлөмдөгүреактивдүу самолет. Бул үлгүдөгү учактар Улуу Британияда 1983-жылдан тарта 2003-жылга чейин чыгарылып турган. Жалпысынан төрт жүзгө жакын самолет чыгарылган.

Колумбияда кырсыкка кабылган учак 1999-жылдын 26-мартында биринчи жолу учурулган.

“Шапекоэнсе” футболдук клубу бразилиялык дивизионго биринчи жолу 2014-жылы мүчө болгон. Аталган клуб Түштүк Американын кубогунунун финалына аргентинанын легендарлуу “Сан Лоренцо” командасын өткөн аптада жеңип жолдомо алышкан. Буга чейин команданын “Фейсбуктагы” баракчасында алар Колумбияга учаар алдындагы акыркы видеосу жарыяланган.

Спорт командалары кабылган авиакырсыктар:

1979-жылдын августунда ташкенттин «Пахтакор» (СССР) клубунун 17 оюнчусу жана машыктыруучусу авто кырсыкта каза тапкан. Анда команда СССР чемпионатынын кезектеги матчына «Динамо» менен беттешүу үчүн учуп бара жаткан. Футболдук команда бара жаткан Ту-134 8400 метр бийиктикте дагы бир ту-134 менен кагылышкан.

1989-жылдын июнунда Суринаманын борбору Парамарибо аэропортунда Амстердамдан учуп келген самолет кырсыкка учураган. Каза болгондордун арасында голландиялык 23 футболчу болгон.

1993-жылдын апрель айында Замбиянын курама командасынын 18 футболчусу өлгөн(AK)

Тема боюнча башка макалалар