Сабыр Жумабеков: Базардан кырсыктагандардын абалы оор

Базардын чатыры кыйрап, бир канча кишини басып калган
Image caption Базардын чатыры кыйрап, бир канча кишини басып калган

Бүгүн түшкө жуук “Алкан” базарынын кайсы бир бөлүгүнүн бастырмасы кыйрап, бир нече кишини басып калган. Сөз болуп жаткан базар “Дордой” базарына канатташ жайгашкан базар. Саналуу күн мурун эле ушул сыяктуу окуя Бишкектин четиндеги автоунаа базарында да болуп, бир канча автоунаа кулаган темир-тезектин астында калган эле. Ушул окуядан кийин чатырыбыз араң турат деп “Дордой” базарынын соодагерлери коңгуроо каккан болчу. Базар жетекчилери бастырмаларын бекемдегенче андай окуя эми “Алкан” базарында да кайталанды.

“Бүгүн базардан жаракат алгандар саат он эки жарымдан өтүп бизге келди. Бирөөнө жардам көрсөтүп, үйүнө жибердик. Калган төртөөнүн тең абалы оор. Сүйлөшө алышпайт. Арасынан 31 жаштагы жаран өтө оор абалда. Анын баш сөөктөрү сынып, мээсине кан куюлган. Жаракат алгандардын баары аял кишилер. Арасында Казакстандын да бир жараны бар. Баарысы тең тез жардам менен келишти. Жаркат алгандар ооруканага түшкөндөн бери базар жетекчилери да дары-дармектен жардам берип жатышат”,-дейт шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабыр Жумабеков.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн “Алкан” базарынын жетекчилерине байланышканыбыздан майнап чыккан жок.

Бул кырсык социалдык тармактарда да кызуу талкууланып жактан учур. Айрымдар кырсыктын алдын алып, коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес деп базар ээлерин күнөөлөп жатканын байкоого болот. Бул окуя өлкөдө кишилер көп чогулуучу жайлардын абалы кандай деген суроону жаратты көрүнөт.