Ө. Абдырахманов: Фидель Кастро өз элин ыксыз кыйнаган

Фидель Кастро Кубадагы социалисттик революцияны ишке ашырган лидерлердин бири катары таанымал
Image caption Фидель Кастро Кубадагы социалисттик революцияны ишке ашырган лидерлердин бири катары таанымал

Кубаны жарым кылымдан ашуун убакыт башкарган Фидель Кастронун дүйнө салышы, аза күтүү иш-чаралары эл аралык жаңылыктардын тизмесинен түшпөй турган кез. Анын ар кандай кызуу талкуулар менен коштолуп жатканын байкоого болот. Мындай ача пикирлер кырызстандыктарда да бар. Би-Би-Си Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахмановго кайрылып, Фидель Кастронун саясий ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз деп сурады.

Ө. Абдырахманов: Бул Лениндей эле адам болгон. Эми революция деп келе жатабыз. Бийликтин күч менен алмашуусун ачык эле айтып коюшубуз керек бул төңкөрүш. Ал да Ленин сыяктуу революция жасап бийликке келген.

Ошол убакта Кубада демократияга умтулган кыймыл болгон эмес. Мурунку президенти да диктатор болгон. Ал жаңы жол таба албай, эл кыйналып турса керек. Ошондон пайдаланып булар чыккан да, биз демократия курабыз, баарын жыргатабыз деп убада берип атып бийликке келген. 1959-жылы бийликке келгенде башка диктаторлор сыяктуу эле бир партияны түптөп туруп, комунисттик партиянын баш катчысы болуп алган. Ошентип 50 жылдан ашуун убакыт бийлигин эч кимге берген эмес.

Көп адамдарга ага каршы чыккан. Каршы чыккандардын баарын кырып-жойгон, кенедей өлкөнүн миллиондон ашык кишиси америкага качып кетүүгө аргасыз болгон. Өзүбүз көрүп атабыз Фидель Кастро каза болду дегенде америкадагы Кубалыктар бийлеп, сүйүнүп атат. Ошол эле учурда кубалыктардын дээрлик көпчүлүгү ыйлап атат. Ушунчалык кыйнаса, азаптуу жашоо алып келсе анда алар эмнеге ыйлап атат? Бул тарыхтын феномени болуп эсептелет.

Бул диктаторлоордун философиясы. Сталин өлгөндө мен да чекесин көрүп калдым. Орустар эле эмес ушул жакта жашап атып кыргыздар да эми кантип жашап, эми кандай кылабыз, асман түшүп кетеби? деп ыйлагандар болгон. Мунун себеби эмнеде? Ушул жөнүндө ойлонуш керек.

Көрсө диктатор башкаруучулар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, ансыз жашай албай тургандай кылышат. Биздин мамлекетте да репрессия кылып, кулакка тартып жиберип улутту алдыга сүйрөй турган генефондун кырып, жок кылып салган да. Улуттун өнүгө албай жатканынын да бир себеби ушул болуш керек.

Бүгүнкү күнү кубада орточо айлык 350 песо экен. Аны долларга айлантса 14 доллар болот. Азыр деле интернеттен карасаңар Кубанын көчөлөрүндө кемеге окшогон алтымыш жыл мурунку эски машинелер же эски москвич, жигулилер жүрөт. Өзүңөр ойлоп көргүлө эми.

Би-Би-Си: Фидель Кастро дүйнөдөн өткөндөн кийин бир топ лидерлер эскерип, баа берип жатышат. Алардын ичинде Си Цзиньпин да бар. Сиз болсо сын көз караштарды айтып жататсыз, ал ойлоруңуз эмнелерге негизделет?

Ө. Абдырахманов: Азыркы дүйнө өтө жөнөкөйлөтүп айтканда эки бөлүктөн турат. Бир жагы демократиялык өлкөлөр дагы бири авторитаризм жана диктаторлор бийлик кылган өлкөлөр. Аталган эки топ тең өзүнө төп келген мамлекеттер менен биргелешип, өнөктөшөт. Ошондуктан эскерүүлөргө таң калып деле кереги жок. Жакынкы эле жылдары Путин Кубага барып, 29 млрд доллар аласасын кечип келген эле. Ал Фидель Кастро эн жакын досубуз болгон деп айтты. Анткени Куба убагында СССРдин күчү менен кармалып турган. Эми Американы карайлы. Обама Куба элине келечек, реформа, өзгөрүүлөрдү каалап, сылык айтты. А ошол эле учурда Трамп эмне деди? Ал элин итке мингизип, кырды, мыкаачы деп ачык эле айтып салды. Себеби Трамп саясатчы эмес ал ишкер. Эгер ал саясатчы болсо мындай кескин сындамак эмес.

Би-Би-Си: Фидель Кастронун өмүрү тууралуу кеп болгондо бери дегенде 500 жолу ага кол салуу болгонун, анын көбүн американын атайын кызматтары уюштурганын айтып келишет. Эгерде чындап эле ошондой болсо, анда бул жерде американын кандай кызыкчылыгы болушу мүмкун?

Ө. Абдырахманов: Мунун баарын Фидель Кастронун эле адамдары ойлоп тапкан нерсе. Алар ошондой жасалма кол салууларды атайын уюштуруп, аман калды, өлбөс, ок тийбес адам кылып көрсөткүлөру келет. Эгер ЦРУ ага кол салгысы келсе беш эле мүнөттө ары-бери кылмак. Аларга ал кеп деле эмес. Кыскасын айтканда АКШнын атайын кызматтары ага эч кандай тийишкен эмес. Кезегинде Гитлерге да бир нече жолу өздөрү кол салууну уюштурушкан. Кээде андай көрүнуштөр бизде да болуп кетет.

Би-Би-Си: Сиздин оюңузча эми мындан ары ал өлкөдө эмне болушу мүмкүн? Бийлик дагы деле анын бир тууганын колунда да?

Ө. Абдырахманов: Бир же эки жыл деп көзү ачыктык кылбай турайын. Бирок жакынкы жылдары ал өлкөдө өзгөрүү болот. Себеби авторитардык өлкөлөрдүн эч качан келечеги жок. Мен 92-жылдары Кытайга барып калдым. Пекиндин көчөлөрү бош. Эмнеге мындай деп таң калдым. Бизде ал кезде москвич, жигули деген көп эле болчу. Анан элчиликте бизди тейлеп жүргөн жаш баладан сурадым. Ал азыркы министр Эрлан Абдылдаев экен. Бул жакта эмне көчөлөр бош десем, ал акырын мага бул жакта ачарчылык болуп атат деп жооп берди. Анан бизди башка бир Шенжень деген жаңы экономикалык зонасына алып барышты. Мына ал жак гүлдөп, өнүгүп атыптыр. Ал Гонконгго жакын жайгашкан экен.

Анын баарын Ден Сяопинь деген аксакал баштап кетти. Бирок, ал кантип баштады дегенге көнүл буруу керек. Ал кытайлык тууганы Ли Куань Ю менен бир нече жолу жолукканда, ошол киши багыт берген. Ал минтип отурсаңар кытай эли жок болосуңар, мындай кылып реформа жасагыла деп көрсөткөн. Мына ошентип алар батыштын либералдык, эркин экономикасын алгандан кийин дүр этип гүлдөп кетти. Бирок булардын проблемасы да алдыда.

Би-Би-Си: Сиз Фидель Кастрону авторитардык режимди карманган, диктатор жетекчи катары сыпаттап жатасыз ошол эле учурда аны өтө мыкты кол башчы, аскер жетекчиси болгон дегендер да көп экенин билебиз

Ө. Абдырахманов: Мен өз элин кыргандарды эч качан мыкты аскер жетекчиси деп айтпайт элем. Мыкты болушу үчүн ал өз элин кырбай, башкалардан коргош керек. Мен бир нерсени байкап жүрөм. Чыңгыз ханды, Маекдонскийди макташат. Алар канча бейкүнөө адамдардын канына забын болду? Ага ким жооп берет? Биз кыргандарды эмес, түзгөндөрдү баалашыбыз керек.