Ислам Каримов: Үй бүлөбүздөгү араздашууга таятамды күнөөлөйм

Image caption Гулнара Каримованын уулу Ислам Каримов

Би-Би-Си: Ислам, чынында сиздин бүлөңүз чакан эле, таeнеңиз, бир эле таeжеңиз бар. Анан эле бул ынтымактын ыдыроосу эмнеден келип чыкты деп ойлойсуз? Негизги себепти эмеден көрөсүз?

Ислам Каримов: Жаш кезинде апамдын сиңдиси менен мамилеси ар дайым жылуу болуп келген. Мен алардын алыстап кеткенине көбүрөөк таятамдын күнөөлөйм. Апам математикалык багыттагы мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. Спортко башынан эле шыктуу болуп, кара курдун ээси болгон. Ал өзүнүн карьерасын түптөп баштаган. Апам эмне кылса таeжем да ошону кылууга умтулган. Таятам болсо “сен эмнеге эжеңдей боло албайсың, эмнеге жөндөп окубайсың” деп, таeжемдин дайыма кагып-силкип турган. Мениче бул кыздарына болгон туура эмес мамиле болгон. Анан бул айтылгандардын баары таeжемдин өксүк комплекси болуп калган деп ойлойм. Ѳлкөдө баары билет буга чейин фонд болгонун, дагы бир фонд түптөлдү, журнал чыкты. Мунун баары кандайдыр бир атаандашкан жарыштан кабар берди. Кандайдыр бир көралбастык өөрчүдү. Анткени таeжем эч качан апамдын деңгээлине чыга алмак эмес. Буга чейин бул жөн гана алардын ортосундагы касташуу, атаандашуу болсо кийин айланасындагыларга да таасир этип, бул душмандашуу башкалардын турмушуна да чагылды.

Би-Би-Си: Ал эми сиздин жалгыз таeжеңиз да, албетте ар дайым өзүнүн биринчи жээнин жакшы көрүп, бооруна тартса керек. Эмнеге телефон чалып, мамилелерде оңдоп алууга умтулбайсыз?

Ислам Каримов: Бул көйгөй жаралганга чейин мен аны абдан жакшы көрчүмүн. Мен бала кезимде мага кам көрүп, бирге ойночубуз. Мен жакындарымдын баарын жакшы көрчүмүн. Мени жакындан билгендер бул сезимди жакшы билишет. Апаңа, карындашыңа жамандык кылып жатышса уул катары түшүнүктүү боло албайсың да. Мен чын дилимден алар менен жарашып, таeжем, таeнем менен мамилени оңдогум келген. Бизден алар эмнени каалап жатканын билгибиз келет. Биз тынчтыкта, ынтымакта жашагыбыз келет. Бирок алар каалабай жаткандай түрс көрсөтүп жатпайбы. Эмнеге апамды кармап олтурушат.

Би-Би-Си: Таeнеңизге акыркы жолу качан телефон чалдыңыз? Сүйлөшө алдыңызбы?

Ислам Каримов: Мындан жарым жыл мурун телефон чалып, сүйлөшүүгө аракет кылдым. Мен апам менен карындашымды көрбөгөнүмө эки-үч жыл болду. Мен таeнемден бул дагы качанга чейин созулат, эмнеге ал муну токто албай жатканын сурагым келген. Таeнем да, таeжем да, ошол эле коопсуздук кызматы бирөөсү да өз аракеттерине жооп берген жок. Адам укугун коргогон уюмдардын, улуттар уюмунун, медиа уюумдардын: “Гулнара каякта, эмнеге үй камагында, канчага чейин?” деген суроолорунун бирине да эч кандай жооп болбоду. Апамдын өзүнө пара алган деген айып менен кармашканын айтышыптыр. Аны 300-400-500 миллион пара алган деп айыпташкан. Абдан күлкүлүү угулушу мүмкүн, ушуга паралелдүү эле ырчыдан пара алган деген айып тагып жатышат. Арызды Азодбек Назарбеков жазган экен. Апам андан 20 же 30 миң доллар пара талап кылган имиш. Бул өзү акылга сыйбаган нерсе. Ал кантип ушул акча башын сыйртмакка салып, тобокелчиликке бармак эле. Бул жөн гана аны жок кылуу, талкалоо.

Би-Би-Си: Сиз чет өлкөдөгү сот иштери боюнча эмне деп ойлойсуз? Маселен, Америкада сиздин апаңызды шектүү катары атап, бир нече миллион байлыгын тоңдурду. Бул жараяндар боюнча сиздин пикриңиз кандай?

Ислам Каримов: Менимче, өзбек тарап чет өлкөдөгү ар башка кишилердин, фирмалардын атына ачылган банк эсептериндеги тоңдурулган бардык каражаттардын Өзбекстанга келишин каалайт. Бул каражаттар бюджетке түшпөйт деп ойлойм, алар жол же мектеп курууга да жумшалбайт.

Би-Би-Си: Анан каражаттарды кайсыл жакка кайтарыш керек эле?

Ислам Каримов: Бул каражаттар эч жакка кайтарылбашы керек. Эгер бул чыны менен эле криминалдык каражаттар болсо, анда бул ошол тоңдурган өлкөлөр тарабынан конфискацияланышы керек да. Же болбосо бул каражаттар кайсыл жакка жумшалары кандайдыр бир структура тарабынан көзөмөлдөнүшү керек. Бул каражаттар кайтырласа бир кишинин чөнтөгүнө түшпөшү керек.

Би-Би-Си: Президент Каримов сизге мурас калтырдыбы?

Ислам Каримов: Бул тууралуу сөз да болгон жок. Мен бул жаңылыкты алгач укканда мурас алыш үчүн эмес, менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калган жакын кишим менен коштошууга барууну гана ойлондум. Ким эле болбосун өзүнүн көзү өткөн жакын кишисине топурак салууга укугу бар да. Бирок мен ал жакка барса кайра чыкпай калмакмын.

Би-Би-Си: Бул эми сиздин жөн гана кооптонуңузбу?

Ислам Каримов: Бизде далилдүү маалыматтар болгон. Коопсуздук кызматтары менен сүйлөшкөн кишилердин аудио жазуусу бар, аларды негизги тапшырмасы мен мекениме кайтаруу болчу.

Би-Би-Си: Эмнеге таeнеңизге чалып, ачык сүйлөшкөнгө болбойт?

Ислам Каримов: Мен көп жолу аракет кылдым. Карындашым да аракет кылды. Сүйлөшкүсү келбеген киши менен кантип сүйлөшмөк элем. Дүйнөнүн жек көргөн киши менен кантип жараша алмаксын

Би-Би-Си: Таeнеңиз 80ге таяп калса, Ташкентте мейманканада жашаса кантип небересин, карандашыңызды көргүсү келбесин? Негедир ишенгиң келбейт экен.

Ислам Каримов: Балким таенем аны көргүсү келсе келгендир. Мен ууландым, апам ууланды, эми карындашым кармалып турду. Мен ага бир нерсе болушун каалабайм.

Би-Би-Си: Ислам, азыр сиздин Британиядагы макамыңыз кандай?

Ислам Каримов: Резидент.

Би-Би-Си: Сиз саясый башпаанек алганга аракет кылып көрдүңүзбү?

Ислам Каримов: Мен саясый башпаанек алганды каалабайм. Менин мекеним Өзбекстан. Мен мекенимден, же кимдир бирөөдөн эч качан качпайм. Мен бул жерде жүрүп үй бүлөмдүн коопсуздугун сактап жатам. Ордума карындашымды жиберип, ал жакка барууга көп жолу аракет кылдым. Бирок апам билет, мен бул жерде кылганды карындашым кыла албайт. Апамдын коопсузудгунун кепилдиги үчүн карындашым ошол жакта турушу керек.

Би-Би-Си: Сиздин атаңыз кандадйыр бир жардам береби? Ал киши Америка кошмо штатынын жараны, сиздин карындашыңызда дагы Америка паспорту бар да.

Ислам Каримов: Буга жооп берүү кыйын, алардын ажырашуусу сот иштери жети жылга созулду. Аны менен 6-7 жылдан бери жолукпадык. Мен аны менен таятамдын көзү өткөндөн кийин жолуктум. Анткени кандайдыр бир кеңеш бере турган жакын киши мага керек болду. Ал бизге жардам бергиси келбейт деп айта албайм. АКШда жүргөн киши Өзбекстандагы бүтүндөй ситемага каршы эмне кыла алат эле. (АА)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар