Орусиялыктардын 56% СССРдин ыдыраганына өкүнөт

1991-жылы 8-декабрда Орусия, Украина жана Белоруссия лидерлери Борис Ельцин, Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич Беловежде СССРдин тарашына алып келген макулдашууга кол койгон. Сүрөттүн автордук укугу RIA NOVOSTI
Image caption 1991-жылы 8-декабрда Орусия, Украина жана Белоруссия лидерлери Борис Ельцин, Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич Беловежде СССРдин тарашына алып келген макулдашууга кол койгон.

"Левада борбору" өткөргөн социологиялык сурмажылоого ылайык Орусия калкынын жарымы СССРдин кыйрашын алдын алса болот эле деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 56% советтер союзунун ыдырашына өкүнөөрүн билдирген. 29% сармыжылооого катышкандар СССРдин кыйрашын алдын алууга мүмкүн эмес эле деп эсептейт. СССРдин ыдарышынын себептери катары көпчүлүк суралгандар "Елцин, Кравчук, Шушкевичтин жоопкерчиликсиз, эч нерсеге негизделбеген "беловождук кутумунун" арты менен болду деп жооп берген (29%). Ошондой эле сурмажылоого катышкандардын 23% "СССРге душман болгон сырткы күчтөрдүн кутмунан" дейт. Калктын СССР жетекчилигине - Михаил Горбачев жанан анын тегерегиндегилерге болгон нааразылыгынан улам деп 21% жооп болгон.

СССР ыдыраганына өкүнгөндөрдүн себебин социологдор түшүндүрүүгө аракет кылышты. Респонденттердин жоопторуна караганда бирдиктүү экономикалык ситема урады (53%) жана улуу державага таандыкмын деген сезимдер жоголду (43% ).

1991-жылы 8-декабрда Орусия, Украина жана Белоруссия лидерлери Борис Ельцин, Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич Беловежде СССРдин тарашына алып келген макулдашууга кол койгон. Ушул эле макулдашууда көз карандысыз өлкөлөрдүн биримдигинин (КМШ) түзүлүшү каралаган. (AbA)