Өзбекстандын президенти болуп шайланган Шавхат Мирзиёевдин таржымалы

Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу kun.uz

Шавхат Мирзиёев 1957-жылы, 24-июлда туулган. Кээ бир маалыматтарда ал Өзбекстандын Жизак районунда туулган десе, дагы биринде Тажикстанда төрөлгөн деп айтылат.

Ал 1981-жылы Ташкенттеги Иригация жана айыл-чарба институтун бүтүрүп, ошол эле окуу жайда иштеп калган. 1992-жылга чейин институттун Комсомол уюмун жетектеп, кийин проректорлук кызматка чейин жеткен.

1990-жылы Мирзиёев Өзбекстандын Жогорку кеңешине депутат болуп шайланган. 1994-жылы өлкөнүн жаңы парламенти Олий Мажлиске депутат болуп шайланып келген. 1992-жылы ташкенттеги Мирзо-Улукбек районуна аким болуп дайындалган.

1996-жылы Жизак облусуна акими кызматына келген. 1999-жылы Олий Мажлистин экинчи чакырылышына депутат болгон. 2001-жылы Мирзиёев Самарканд облусунун акими болуп эки жыл иштеп, 2003-жылы премьер-министрлик кызматка келген. Аны Каримовдун оң колу деп эсептешкен.

Амбициялуу саясатчы коомчулук астына көп чыга бербей, теледе сейрек гана көрүнсө, басма сөзгө эч качан чыккан эмес. Бирок анын ысмы олуттуу өкмөттүк иштерде президенттик буйруктарда такай кездешкен.

Айыл-чарба тармагына жоопту кызматкер катары, Мирзиёев пахта талаасында жаш балдардын эмгеги колдонулганы үчүн эл аралык уюмдар тарабынан сынга алынып келген.

Ушул жылы 3-сентябрда Каримовдун зыйнатында сүйлөгөнгө чейин Мирзиёев эл астына чыгып же өзбек медиасында интервью да берген эмес. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар