Индиялык саясатчы Жаялита 68 жашында көз жумду

Жаялитаны сыйлагандар абдан көп болчу жана анын сынчылары дагы акыркы жылдарда ага болгон көз карашын өзгөрттү
Image caption Жаялитаны сыйлагандар абдан көп болчу жана анын сынчылары дагы акыркы жылдарда ага болгон көз карашын өзгөрттү

Индиянын эң таасирдүү саясатчылардын бири Ж Жаялита 68 жашында дүйнөдөн өттү.

Тамил Наду штатынын башкы министри жекшемби күнү кечинде жүрөгү кармап, саат 23:30 да каза болду. Муну Аполло ооруканасы ырастаган.

Анын миңдеген колдоочулары айыгып кетишин кудайдан тилеп турушту.

Саясатчынын колдоочулары тартип бузбашы үчүн улам кошумча полиция кызматкерлери иш алып барууда.

Мурдакы кино жылдызы Тамил Наду штатында башкы министр катары төрт жолу кызмат өтөгөн. Ал бир нече айдан бери дарыланып жаткан.

Жаялитаны сыйлагандар абдан көп болчу жана анын сынчылары дагы акыркы жылдарда ага болгон көз карашын өзгөрттү.

Апасындай көргөн анын колдоочулары ага абдан берилген. Жаялитанын дүйнөдөн өтүшү коомдо башаламандыкка алып келүү коркунучу бар.

Жеке оорукананын сыртында күтүп турган Жаялитанын колдоочулары анын өлүмү тууралуу кабарды угуп, кармана албай полиция менен тиреше башташты.

Жаялитаны 22-сентябрдан бери дарылап келаткан Аполло ооруканасы анын көз жумагандыгын тастыктагандан кийин, көптөгөн адамдар аны эскерүү үчүн келе баштады.

Индиянын “AIADMK” партиясы да, Жаялитанын бул дүйнө менен кош айтышканын кабарлап, твиттерде “Индиянын темир айымы” эми биздин арабыздажок деп жазды. (UA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар