Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube экcтремисттик контент базасын түзүшөт

  • 6 декабрь 2016
Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube экстремисттик материалдарды көзөмөл кылат
Image caption Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube экстремисттик материалдарды көзөмөл кылат

Интернет технология жаатында иштеген Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube компаниялары өздөрүнүн веб сайттарында экстремисттик сүрөт жана видеолордун жайылып кетишине бөгөт коюу максатында кызматташууну чечишти.

Аталган компаниялар контентти ким жазгандыгын аныктаган 'виртуалдык бармак издерин' камтыган бирдиктүү база түзүүнү пландаштырууда.

Бул базанын жардамы менен алар сайтка контент жүктөө процессине көзөмөл кылып турушат. Экстремисттик мазмундагы материалдар пайда болгон учурда контент кеңири жайылып кеткенге чейин компаниялар аларды веб сайттарынан алып коё алат.

Twitter компаниясы терроризмге үгүттөгөн контентти жүктөөгө жол бербей турганын билдирди. Компаниянын өкүлү бул демилге радикалдуу, үрөй учурган сүрөт жана видеоматериалдарга чектөө киргизүүгө багытталганын кабарлады.

Кийин бул маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүктү экстремисттик материалдарды көзөмөл кылууну көздөгөн башка компаниялар да ала алышат.

Эгер соцтармактарды колдонгон кишинин контенти терроризмге байланышы жок болуп, жаңылыштык менен өчүрүлүп калса, ал социалдык тармактын мындай чечимине арызданса болот.

Аталган төрт компания бул жаатта тыгыз кызматташуу чечимине Европалык биримдиктин кысымынан кийин гана келишти. Мындан жарым жыл мурда Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube 24 сааттын ичинде улутчулдук жана кастык мазмундагы пикирлерди өчүрүү милдетин мойнуна алышкан. (UA)