Түркмөнстан тамеки үчүн журналистти камакка алганын ЕККУ сындады

Укук коргоочулар Түркмөнстандагы ЖМКнын эркиндиги үчүн тынчсызданууда Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Укук коргоочулар Түркмөнстандагы ЖМКнын эркиндиги үчүн тынчсызданууда

Укук коргоочулар Түркмөнстандагы ЖМКнын эркиндиги үчүн тынчсызданууда

Журналист Худайберди Аллашов чайнай турган тамеки сактагандыгы үчүн айыпталып, камакка алынгандан кийин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Түркмөн бийликтерин сынга алды.

ЕККУнун ЖМК эркинидиги боюнча өкүлү Дунья Миятович, Түркмөнстан журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берип жана Аллашов тезинен бошотулушу керектигин билдирди

Аллашов Эркин Европа Радиосунун кызматкери.

Радиостанциянын билдиришинче, журналист Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз облусунда 3-декабрда кармалган. Анда полиция анын үйүнө кирип, ур-токмоктоп анын үй бүлөсүн үй камагына алган.

Аллашовду жана анын энесин чайнай турган тамекини сактагандыгы үчүн айыпташкан. Аталган затка Түркмөнстанда расмий тыюу салынган, бирок кеңири колдонулат.

Мындан улам журналист жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму жыл сайын түзгөн сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 2016-жылы Түркмөнстан 180 мамлекеттин ичинен 176-орунга жайгашкан. (AbK)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар