300 британ полиция кызматкери сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 300 британ полиция кызматкери сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Британиянын 300дөн ашык полиция кызматкери өзүнүн кызматынан пайдаланып, сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө.

Алар кылмыштын курмандыктарына да ушунда мамиле кылган дейт Полицияны көзөмөл кылуу боюнча королдук инспекция (HMIC). Ведомтсво Англия менен Уэльстин полициясы кызматынан пайдаланып жасаган мыйзам бузуулардын ичинен сексуалдык кылмыш эң олуттуу түрү болуп эсептелет деди.

HMIC эсеби боюнча, акыркы эки жылда полиция кызматкерлери 436 сексуалдык ыдык көрсөтүү окуясына катышкан. Докладдын авторлорунун бири испектор Майк Каннингемдин сөзүнө ылайык, маселенин көлөмү мындан да олуттуу болушу мүмкүн жана аны чечүүгө шашылыш түрдө чара көрүш керек.

Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд докладды таң калтырчу деп атады. "Бул адилеттик принциптерине жана коомдук ишенимге шек келтирет, мындай кылмыштарга күнөөлүүлөр полицияда болбош керек", - деди ал. Жылдын май айында ал учурда ИИМди жетектеген Тереза Мэй үй-бүлө зомбулугунун курмандыктарына полиция кызматкерлери сексуалдык ыдык көрсөтүүсү көп деген маалыматты текшерип чыгууну тапшырган.

Ал полициянын эрежеге сыйбаган жүрүм-туруму боюнча маалыматтарга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айткан. (АК)