Пакистанда учак кулап, 48 адам курман болду

Пакистандын эл аралык аба жолдорунун учагы Исламбаддын түндүк аймагында кулап, 48 адам курман болду. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Пакистандын эл аралык аба жолдорунун учагы Исламбаддын түндүк аймагында кулап, 48 адам курман болду.

Пакистандын эл аралык аба жолдорунун учагы Исламбаддын түндүк аймагында кулап, 48 адам курман болду. Аталган компаниянын маалымат катчысы билдиргендей, учактын кыймылдаткычы бузулуп, учак Исламабаддын тоолуу аймагында кыйраган.

Читрал шаарынан учуп чыккан учак Исламабаддын түндүгүндө кулаган. Курман болгондордун арасында өлкөнүн мурдакы эң атактуу поп ырчысы, кийин мусулман динине берилген Жунайд Жамшед да бар эле. Анын классташы, учурда Бостон университетинин глобалдык изилдөөлөр факультетинин деканы Адил Нажам курман болгон досун эскерип жатып, Жунайдди чыныгы өзгөрүү киргизе турган лидер катары эстеп жүргөнүн айтты.

"Мен аны дос катары эстей жүрөм. Жунайдди мен музыкага кирише электе жана дин мынчалык тарай электе эле билчүмүн. Менин эсимде ал шайыр болчу. Мен аны лидер катары эстей жүрөм. Ал кыйла адамдарга жол көрсөтө билген адам эле. Андан тышкары, ал өзү туура эмес деп эсептеген нерселерди дайыма өзгөртүш керек деген ойлорун айтчу эле".

Исламабадда кулаган учактын пилоту менен байланыш жоголгонго чейин ал кырсыкка учурагандыгы тууралуу кабарлаганга үлгүргөн экен. Ал бул рейсти көзөмөлдөгөн кызматчыларга саат 16:09да кыймылдаткычтын бузулгандыгы жөнүндө билдирген.

Азыркы учурда кырсыктын себебин аныктоо үчүн иликтөө жүрүп жатат. Пакистан аба жолдору компаниясынын башчысы учактын техникалык абалы кылдат текшерүүдөн өткөнүн жана эч кандай бузулуу жок болгонун билдирди. (UA)