Түштүк Кореянын парламенти президентке ипмпичмент жарыялады

президент Пак Кын-Хег Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореянын парламенти президент Пак Кын-Хеге ипмпичмент жарыялады. Буга чейин президентин жардамчысы жана жакын курбусу коррупция, пайда табуу үчүн кызмат абалын пайдаланган деген беренелер боюнча айыпталышкан эле.

Өлкөнүн конституциялык соту Пак Кын Хе кызматында калабы, же жокпу 180 күндүн ичинде бул маселени чечүүсү керек. Сот бул маселеге чекит койгонго чейин өлкөнү башкаруу милдети премьер-министрге жүктөлөт. 2004-жылы да ушундай окуя болгон, парламент президент Но Му Хёнго импичмент жарыялоо үчүн добуш берген. Бирок конституциялык сот бул чечимди жокко чыгарып, ал төрт жыл бийликте болду.

Президенттин курбусу Чхве Сун Силге ири корпорациялардан 65 млн доллардан ашуун акчаны коркутуу жолу менен өзүнө караштуу фонддорго которткон деген айып тагылып жатат. Расмий айып 20-ноябрда угузулуган эле.

Бул окуялардан кийин коомчулукта президентке карата катуу нааразылыктар айтыла баштаган. Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе өз курбусу үчүн эл алдында кечирим сураганы да бар. Курбусу мамлекетти башкарууга таасир эткен жана бул үчүн акча алып турган деген да шектенүүлөр айтылган.

Бул окуя Түштүк Кореяда дароо эле саясий кризисти жандантты. Өлкө боюнча жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, президенттин отставкага кетүүсүн талап кылган. Саясий кризис тутанып жаткан чакта өлкө башчы бир катар мамлекеттик кызматкерлерди иштен алууга үлгүрдү. Анын ичинде, премьер, финансы министрлери, президенттик администрация башчысы жана катчы алмашкан.