Германия мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн 150 млн евро жумшайт

Өткөн жылы 900 миңге жакын адам Германиядан качкын статусун алууга аракет жасашкан

Германия өкмөтү мигранттарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу программасына 150 млн евро сарптайт Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Германия өкмөтү мигранттарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу программасына 150 млн евро сарптайт

Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер бул жаңы программа жөнүндө "Augsburger Allgemeine" басылмасына берген маегинде билдирген. Өлкө качкын статусун ала албай калган жана өз өлкөсүнө кетүү чечимин кабыл алган мигранттарга жардам иретинде жылына 50 млн евро бөлөт.

Бул жардамдан Ирак, Ооганстан жана балкан өлкөлөрүнүн иммигранттары пайдалана алышат.

"Жардамдын аркасы менен мигранттар өз өлкөлөрүндө баарын кайрадан баштоого мүмкүнчүлүк алышат",- дейт Мюллер.

Германияга соңку жылдары миллионго жакын иммигранттар келишкен. 2015-жылы эле 900 миң качкын статусун алууга аракет кылышкан.

Өлкөдө мигранттарды жаңы чөйрөгө адаптация кылууга жана баш калка бөлүүгө багытталган программалар иштейт. Ошол эле учурда Германия бийлиги качкын статусун алууну катуу көзөмөлдөп, чек араларды тыкыр көзөмөлдөй баштады.

Кельнде соңку жаңы жылды майрамдап жатканда жергиликтүү жашоочуларга иммигранттардын массалык кол салуусу болду. Ушул окуядан кийин Германия бийлиги өлкө мыйзамын бузган мигранттарды депортациялоо процессин оңойлоштурган. Маалымат каражаттарында дагы мигранттар жасаган ар кандай кылмыштар жарыяланууда. (AbK)