Каирде христиандардын чиркөөсүндө жардыруу болду

Чиркөөдөгү жардыруунун белгилери байкалып турду
Image caption Чиркөөдөгү жардыруунун белгилери байкалып турду

Жекшембиде болгон Ыйык Марктын чиркөөсүндөгү жардыруудан ондогон адамдар жаракат алышты. Каза тапкандар арасында аялдар жана балдар да бар экени кабарланууда.

Египеттик христиандар жамааты "Исламчыл согушчандар" тарабынан чабуулдарга кабылып келген. Он жылдан берки бул каргашалуу жардырууга ачууланган христиандар окуя болгон жерге чогулду. Өлкөнүн мурунку президенти Мухаммед Мурси 2013-жылдан тарта кызматтан четтетилгенден кийин Египетте согушкерлер тарабынан бир катар чабуулдар болгон.

Мурсинин айрым колдоочулары анын кызматтан кетишин колдоого алган деп христиандарды айыптоодо.

Жардыруу жергиликтүү убакыт менен саат 10:00дө болду. Каирдин маалымат каражаттарынын бирине таандык тасмадан чиркөөнүн ичиндеги эмеректердин сыныктарын, кан жана айрылган кийимдерди көрүүгө болот.

"Мен чиркөөдөгү отургучтарда көптөгөн курман болгондордун денесин көрдүм. Бул аябагандай жаман көрүнүш эле. Алар кичинекей балдар болчу. Мындай кырсыкка кабыла тургандай алар эмне кылды эле? Мен ушуну көргөндөн көрө, алар менен чогуу эле өлүп калганым жакшы эмес беле"? - деди чиркөөнүн кызматкери Атия Махрус.

Египеттин президенти Абдуль Фаттах аль Сиси өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

"Өлкөнүн копт христиандарына жана мусулмандарга каршы аeосуз терроризм жүрүп жатат. Египет бул чабуулдардан кийин биригип, күчтүүрөк болот", -деди ал. (UA)

Тема боюнча башка макалалар