Трамп мамлекеттик катчы кызматына талапкер сунуштайт

Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу AFP

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына шейшембиде мамлекеттик катчы кызматына талапкер сунуштай турганын жазды.

Соңку апталарда болочоктогу өкмөттүн курамындагы бул негизги кызматка кимдин дайындалышы өлкөдө талкууларды кызытып жаткан эле.

Америкалык дипломатиянын башына келе тургандар арасында мурдагы шайлоодо президенттикке талапкер болуп чыккан Митт Ромни, Теннесси штаттынын сенатору Боб Коркер жана мунай корпорациясынын жетекчиси Рекс Тиллерсондун ысымдары аталууда.

Соңку аты аталган талапкер өткөн аптада эле Трамп менен эки ирет жолугушту. Ал Москва менен тыгыз байланышта деген маалыматтар да айтылып жатат. 2012-жылы Тиллерсон Орусия президенттинин «Достук» Орденин алган.

Трамп жекшембиде Fox News телеканалына берген интервьюсунда, бизнесмендин Орусия менен мамилеси жакшы болгону мамлекеттик катчылыкка талапкер тандоодо бул анын артыкчылыгы болот деди.

Тема боюнча башка макалалар