ЖKK: 2016-жылы журналисттерди камакка алуулар рекорддук чекке жетти

Митинг Cumhuriyet Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Комитеттин каттоосу боюнча Түркияда кеминде 81 журналист камакка алынды.

Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсүндө өтүп бараткан жылы дүйнө жүзүндө журналисттерди камакка алуулар рекорддук чекке жеткени айтылат.

Аталган комитеттин каттоосу боюнча бул жылы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн эң көп камакка алган өлкөлөрдүн сап башына Түркия чыкты. Ал Кытайды оозуп өттү.

"2016-жылдын 1-декабрына алынган маалыматтар боюнча дүйнөдөгү туткун журналисттер саны 259 кишини түзөт. Комитеттин каттоосу боюнча Түркияда кеминде 81 журналист камакка алынды. Бул бардык учурдагы, бардык өлкөлөрдөгү каттоого алынган учурдан берки эң чоң көрсөткүч. Камакка алынгандар мамлекетке каршы иш жүргүзгөн деп айыпталышкан»,-деп айтылат комитеттин отчетунда.

Кытай менен Түркиянын артынан эле тизмени Египет, Эритрея жана Эфиопия улантат. «Муну менен катар эле Эфиопия, Панама, Сингапур жана Орусия башка өлкөнүн жараны болгон журналисттерди абакка олтургузган» деп жазат Журналисттерди коргоо комитети.

Каттоого алынгандар боюнча айтканда, учурда Орусияда кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эки журналист камакта. Алардын бири "Укринформ" агенттигинин кабарчысы Роман Сущенко тыңчылык боюнча шектелип кармалган. Ал эми «Кавказский узел" порталынын кабарчысы Жалауди Гериев үч жылга соттолуп, саясый туткун деп табылган.

Түркияда журналисттерди камакка алуулар жай айында ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийин орун алды. Соңку «тазалоого» Cumhuriyet деп аталган оппозициялык басылманын тогуз журналистти илинди. Аларды түрк бийлиги төңкөрүштү уюштурган деп айыптап жаткан, АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деген шек менен камакка алышкан. Фетхуллах Гүлен айыптоолорду кескин четке кагып келе жатат.

Журналисттерди коргоо комитети эл аралык бейөкмөт уюм эсептелет. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашып, журналисттердин укугун коргоо боюнча иш алып барат. Уюм дүйнөдөгү журналисттердин өлүмү аларга жасалган куугунтуктоолор боюнча маалымат чогултуу менен алектенет.