Каирдеги жардыруунун жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” алды

Жардыруудан коптордун собору бир топ жабыркады.
Image caption Жардыруудан коптордун собору бир топ жабыркады.

«Ислам мамлекети» аталган, Россия жана башка бир топ өлкөлөрдө тюу салынган экстремисттик күчтөр Каирдеги коптордун Ыйык Марк соборунда болгон жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүнө алышты.

«ИМдин» билдирүүсүндө жардырууну Абу Абдалла Масри аттуу жанкечти жасаганы айтылат.

11-декабрда болгон жардыруунун натыйжасында 25 адам өмүрү кыйылган.

Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси буга чейин жардырууга башка адамды, 22 жаштагы Шафик Мустафаны айыптап жаткан болчу.

Египеттин бийликтери бул жардыруудан кийин үч күндүк аза күтүү жарыялап, президент кол салууну жасагандарды таап, жоопко тартууну талап кылган.

Расмий маалыматтарга караганда, христиан коптор Египеттин калкынын он пайызын түзөт. Болжол менен алты миллион адам. Бирок башка булактарга караганда, алардын саны 10-20 миллионго чейин барышы мүмкүн деп да айтылат. (KC)

Тема боюнча башка макалалар