АКШ хакердик чабуулдун артында Путин өзү турган дейт

Владимир Путин Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ президентинин администрациясы Демократиялык партияга жасалган хакердик чабуулдун артында кыйыр түрдө орус президенти Владимир Путин өзү турганын болушу мүмкүн деп билдирди.

Чабуул АКШдагы шайлоо жараянына кийгилишүү болгон деп мүнөздөлүп жатат. Бийликтен кетип жаткан президент Барак Обаманын кеңешчиси Бен Роудс билдиргендей, Путин орус өкмөтү тарабынан болгон ар кандай эле операцияларды катуу көзөмөлдөйт. Ошондуктан ал бул боюнча толук кабардар болуп турган дейт.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест кошумчалагандай, Путиндин буга аралашканы айдан ачык эле болгон. Орус расмийлери бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин буга чейин бир нече ирет билдиришкени бар. Бейшембиде кайрадан эле Кремль бул хакердик чабуулга тиешеси жок экенин айтып, шектенүүлөрдү кескин четке какты.

Эн-би-си телеканалы АКШнын Путиндин хакердик чабуулдарга жеке өзү көзөмөл кылганы боюнча далилдери бар экенин билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мунун баарын «акылга сыйбаган келжиректик» атаса, орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «күлкү жараткан божомол» деди.

Жаңы шайланган президент Дональд Трамп «Твиттердеги" баракчасына шайлоо учурунда Демократтар партиясынын маалыматтарына киберчабуулдар жасалып, орус хакерлери болжолу ага жардам көрсөтүшкөн деген жоромолдорго пикирин жазды.

«Эмнеге алар Клинтон утулуп калгандан кийин гана даттанып чыгышты. Эгер Орусия же болбосо кандай гана түзүм болбосун чабуул койгон болсо Ак үй эмнеге көпкө чейин күтүп, аракет кылбай турду?» деп жазган Трамп.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АНАЛИЗ

Энтони Зуркер, Би-би-си, Вашингтон

Ноябрдагы президенттик жарыштан өзүнүн талапкери утулуп калгандан кийин демократтар Хиллари Клинтондун жеңилишине себеп болгон жагдайларды иликтөө убарасын тартып келүүдө. Социалдык тармактардагы "фейк жаңылыктар» күнөлүүбү? Же болбосо Ортолук Батыштагы демократтардын шайлоочулар менен начар иштегениби? Балким Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Коминин шайлоонун соңку айлампасында Клинтондун электрондук кат алышуулары тууралуу конгресске жолдогон каты болуп жүрбөсүн?

Чынында бул себептердин баары эле Дональд Трамп эмнеге эффективдүү талапкер болуп чыгып, программасы көбүрөөк көңүл бурдуруп, шайлоого таасир эткен штаттардан утуп кеткенине жүйө болуп бере алчудай. Орусиялык хакерлер, сыягы мамлекеттин буйругу менен иш кылган деп айтылып жатканы дагы кезектеги күнөлүүлөрдүн бири болуп турат. Бул эми кандай бурчтан карайсың, ошого байланыштуу болот.

Бирок алар чалгындоо булактарына таянып, буга чейинки интрига жараткан билдирүүлөрдү эске алып жасаган соңку жарыясы көңүлдү өзүнө бурдурбай койгон жок. Деген менен шайлоо алдындагы демократтарга байланышкан ызы-чуунун баары аз да болсо шайлоо тыянактарына таасир этти десек болот. Бирок бул албетте жаңы шайланган президенттин баш оорусу боло албайт.

Деген менен конгресстин иликтөөсүнү кандайдыр бир тыянактарга алып келиши мүмкүн. Ал тургай конгресс Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү боюнча маселени Трамптын алдына ташташы мүмкүн деген кептер жүрүүдө. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар