Евробиримдик Сирия конфликтисине катышкан тараптарга дипломатиялык кысымды күчөтөт

Симферополь Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлери Москва Крымды аннекциялап алганда Россияга киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узартууну макулдашканын кабарлаган.

Евобиримдиктин лидерлери сириялык конфликтке катышып жаткан тараптарга дипломатиялык кысым көрсөтүүнү макулдашты. Мунун максаты - аталган өлкөгө гуманитардык жардам жеткирүүгө жана Алеппонун жайкын тургундарын чыгарып кетүүгө мүмкүндүк алуу.

"Сирия режиминин жана аны колдогон тараптардын, биринчи кезекте Россия менен Ирандын ырайымсыздыгынан биздин ишибиз анчалык эффективдүү болбой жатат, бирок биз адамдардын азап-тозогуна кайдыгер калган жокпуз. Биз Сириядагы конфликтке тартылган эл аралык оюнчуларга бардык дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кысым көрсөтө беребиз",-деди Еврокеңештин башчысы Дональд Туск Брюсселде Евробиримдиктин саммитинин жүрүшүндө.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сириянын айынан Россияга каршы санкция салуу маселесинде бир дагы вариантты алып салууга болбойт деп баса белгиледи.

Бейшембиде "Рейтер" агенттиги дипломатиялык булактарга таянып, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлери Москва Крымды аннекциялап алганда Россияга киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узартууну макулдашканын кабарлаган.

Дональд Туск Россияга санкциялар дагы алты айга узартуу чечилгенин ырастады, бирок Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү бул мөөнөттү бир жылга узартууну сунушташыптыр. Азыркы санкциялардын мөөнөтү 2017-жылдын 31-январында бүтмөк.

Бейшембиде ошондой эле Лондогу Россия менен Ирандын элчилери Алепподогу кырдаалга байланыштуу Форин-офиске чакырылганы белгилүү болду.

Британиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы Борис Джонсон Россия менен Иран гуманитардык эл аралык мыйзамдар боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткарбаганын, Алеппо камоодо жаткан учурда андагы карапайым элге гуманитардык жардам жеткирүүнү жеңилдетип бербегендигин айтууда.

Бейшембиде Алепподо козголоңчуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн эвакуациялоо башталды. Орто жерде аткылашуу болуп, эки тарап бири-бирин күнөөлөп, эвакуация токтоп калган болчу.

Тема боюнча башка макалалар