Президент Атамбаев Орусияга көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу offical

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркиядагы орус элчисиинин өлтүрлүшү боюнча окуяга байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев көңүл айтуу катында Түркиядагы орус элчисине кол салууну террордук акт катары айыптаган.

«Россия Федерациясынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Карловдун кыянаттык жана зөөкүрдүк менен куралдуу кол салуудан улам курман болгондугу тууралу кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы мамлекеттин расмий өкүлүнө карата жасалган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Бул кылмыштын тез арада иликтенип жана күнөөкөрлөрдүн жазаланашы зарыл деп эсептейм. Кыргызстан элинин жана жеке өз атыман А. Карловдун үй-бүлөсүнө жана бүт Россия элине көӊүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүӊүздү өтүнөм», - деген Атамбаевдин билдирүүсү президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Тема боюнча башка макалалар