Түркиядагы америкалык элчиликтер жабылды

АКШ элчилиги жайгашкан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ элчилиги жайгашкан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (архив)

АКШнын Түркиядагы дипломатиялык миссиясы -Анкарадагы элчилик, Стамбул жана Аданадагы консулдуктары шейшембиден тарта коопсуздук үчүн жабылат. Бул чаралар АКШнын Анкарадагы элчилигинде ок атуу окуясы болгондон кийин кабыл алынган.

АКШ элчилиги Түркияда жүргөн жарандарын сак болууга, жеке коопсуздугу үчүн байланышта болуп, соңку жаңылыктар менен кабардар болуп туурууга чакырды. Мунун алдында полиция АКШ элчилиги жайгашкан аймакта асманга бир нече жолу ок чыгарган куралдуу кишини кармаган деп билдирет Анадолу агенттиги.

Элчилик жайгашкан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Дүйшөмбүдө Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган. Элчиден тышкары бир нече адам жарадар болгону кабарланган.

Ок чыгарган кишини 22 жаштагы, Анкара полициясынын атайын бөлүгүндө мурда кызмат өтөгөн Мевлют Мерт Алтынташ деп ырасташууда. Азырынча бул окуянын артында эмне турганы белгисиз.

Анкара бул кол салууну айыптап, эки өлкө ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизүугө жол бербей турганын билдирген.

Тема боюнча башка макалалар