АКШ Эрдогандын билдирүүсүнө жооп берди

Марк Тонер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сырткы саясат боюнча мекеменин өкүлү Марк Тонер, бул айыптоолордун баары далилсиз айтылган деп белгиледи.

Түркия президентинин АКШ Сириядагы согушуп жаткан экстремисттик топторго колдоо көрсөтөт деген билдирүүсүнө Мамлекеттик департамент жооп берип, бул айыптоону күлкү келерлик деп атады.

Сырткы саясат боюнча мекеменин өкүлү Марк Тонер, бул айыптоолордун баары далилсиз айтылган деп белгиледи. Ошону менен бирге Тонер Орусия тараптан айтылган дооматтарды да четке какты.

Мындан алдын Орусиянын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова, Обаманын администрациясын кийинки президент Дональд Трамптын эл аралык аренадагы ишин татаалдаштырып, сириялык оппозицияга зениттик-ракеталык курал жеткирүүгө даяр деп айыптаган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Шейшембиде Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, АКШ жана анын союздаштары Сирияда экстремисттик топторго, анын ичинде өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топко колдоо көрсөткөнү тууралуу далилдери бар экенин билдирген эле.

АКШ башында турган эл аралык коалиция өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топко каршы аба чабууларын жасап, Сирия жана ага коңшулаш Иракта күрөш жүргүзүп келүүдө.

2015-жылдын соңунда түрк-орус алакасы Су-24 аскер учагы атып түшүрүлгөн окуядан кийин кескин начарлаган. Москва бир нече жолу түрк бийлигин, анын ичинде жеке Эрдоганды, өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ менен мунай келишимдерин түзүүгө катышкан деп айыптаган. Түрк лидери анда бул айыптоолорду кескин четке кагып, эгер далилденсе отставкага кетем деп убада бергени бар.