Израиль-Палестина: Нетаньяху Жон Керринин сөзүн сындады

БУУ кабыл алган резолюция Израильди Палестинанын жерлерин басып алуусун токтотууга чакырды
Image caption БУУ кабыл алган резолюция Израилди Палестинанын жерлерин басып алуусун токтотууга чакырды

Израилдин башчысы Беньямин Нетаньяху АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин сөзүн Палестинаны бир жактуу колдогонун билдирди. Керри эки өклкө чечиминин негизинде курула тырган тынчтык коркунуч алдында турад деди.

Израилдин Палестиналык жерлерди басып алуусу чоң көйгөй жаратып жатат дедеи Керри.

Нетаньяху Керринин сөзү анын көңүлүн калтырганын айтты. Израилдин лидери Кериинин сөзү бир тараптуу болуп, жалгыз жерлерди басып алууга гана багытталган деп айтты.

“Керри Израилге басым жасаган Палестинаны жактап, кошомат кылды”, - деди Нетаньяху.

Нетаньяху конфликт Палестинанын Израилди мамлекет катары тааныгысы келбей жатканынан келип чыкканын Керри түшүнбөй жатканын кошумчалады. Ал арада, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн твиттер баракчасында Израилди колдогон сөздөрдү жазып, Палестинанын жерлерин басып алып жаткан Израилге туура эмес мамиле кылууга эч кимге уруксат бербей турганын билдирди.

Ал бир айдан кийин президенттик кызматына киришкенче Израилди кайрат кылып турууга чакырды.

Жума күнү БУУнун Израилдин Палестиналык жерлерин мыйзамсыз басып алуусуна каршы резолюцияга АКШ вето койгон жок. Бул чечимди Израиль кыжырдануу менен кабыл калды.

Палестина менен Израилдин ортосундагы көйгөй көп жылдан бери талаш тартыш жаратып келген.

1967-жылы Йордания дарыясынын батыш жээгиндеги аймакты басып алгандан бери 500 000ден ашык жөөттөр Палестинанын 140тай аймактарында жайгашкан. Бул басып алуулар эл аралык мыйзамга каршы келет, бирок Израиль коңшу өлкөнүн жерлерин басып алууну улантууда.