Орусиянын 35 дипломаты АКШдан чыгарылды

Image caption Орусиянын Тышкы иштер министирлиги жооп катары АКШнын дипломаттарын өлкөдөн чыгарууну сунуштады

АКШ Орусиянын 35 дипломатын өлкөдөн чыгарды. Президент Обаманын мындай кескин кадамдарына Орусия жооп кайтара турганын эскертти. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Обаманын мындай кадамдары күтүлбөстөн жасалып, Вашингтонтун жүргүзгөн саясаты агрессивдүү экенин билдирди.

Орусия АКШнын шайлоо өнөктүгүнө кийгилишүү үчүн хакерлик чабуулдарды жасаган деген АКШнын Борбордук Иликтөө агенттигинин билдирүүлөрүнөн кийин АКШдан орусиялык дипломаттар чыгарылган. Обама Орусиянын бул чабуулдары бардык америкалыктардын кооптонуусуна себеп болуш керек деди. Бир айдан кийин президенттик кызматына кирише турган Дональд Трамп хакерлик чабуулга көп маани бербей келген. Бирок азыр АКШнын иликтөө агенттигинин жетекчилери менен бул маселени талкуулай турганын билдирди. Орусиянын аскердик серепчиси Павел Фелгенхауер мындан кийин кырдаал оорлошуп кетиши мүмкүн экенин билдирди.

“Орусиянын мынча көп дипломаттары чыгарылса демек АКШнын дипломаттары дагы Орусиядан чыгарылат. Эми АКШы кандай кадам жасаса Орусия ошого жараша жооп берет. Кырдаал жаман болуп кетиши мүмкүн. Дональд Трамп жаңы эле кызматына киришээрде бул маселени чечүүсү керек болот. Путин менен Трамп эки өлкө ортосундагы мамилени кайрадан жөнгө салуу үчүн көп аракеттерди жасоого туура келет”.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп, Обаманын админиситрациясынын Кремлди айыптоолору тууралуу Американын иликтөө тобу менен талкуулай турганын билдирди. Төртүнчү күнү Обама АКШдагы шайлоо өнөктүгү учурунда хакерлик чабуулдарга байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе турганын жарыя кылды.