"Ислам мамлекети" радикалдуу топ Cтамбулдагы чабуулду уюштурган

Стамбулдагы чабуулда курман болгон эки баланын атасы Айхан Арикти жакын туугандары жерге берип жатат
Image caption Cтамбулдагы чабуулда курман болгон эки баланын атасы Айхан Арикти жакын туугандары жерге берип жатат

Стамбулда жаңы жылды тосуу салтанаты өтүп жаткан түнкү клубга болгон чабуулдун жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” аталган радикалдуу топ өзүнө алды. Аталган топтун жасаган билдирүүсүндө 39 киши курман болгон чабуулду алардын бир мүчөсү аткарганы айтылат.

“Ислам мамлекети” аталган радикалдуу топтун жасаган билдирүүсүндө 39 киши курман болгон чабуулду алардын бир мүчөсү аткарганы айтылат.Чабуул жасаган адамды алар “халифаттын баатыр жоокери” деп аташты. Кылмышкерди издөө уланууда. Түркиянын басма сөз каражаттары кылмышкер чабуул болгон жерге такси менен келип, жаңы жылды тоскону чогулган элге жети мүнөттүн ичинде 180 ок жаадырган деп билдирди. Стамбулдун тургуну Эшреф Кожар бул чабуулду эч нерсе актай албайт деди.

“Биз абдан капа болдук. Түркиядан чыккан кабарлар ушундай каргашалуу окуя менен коштолгону көңүлдү суутат. Адамдар курман болду. Алардын айрымдары иштеп, акча таап эми эс алып жаткандар, айрымдары болсо жөн гана туристтер эле. Бирок терроризм жаман же жакшы болбойт. Терроризм дайыма жаман. Мындан башкача муну айта албайм. Бул ишти жасаган да, аткарганга буйрук бергендерге да уят”.

39 адамдын өмүрүн кыйып, 69 киши жаракат алган бул кылмышты жасагандар изделүүдө. Француа аль Асмар бул каргашалуу окуядан эсинде калгандарын айтып берди.

“Ал бир жолу ок атканда мен аны ичип алып, акыл эсин жоготкон адам экен деп ойлодум. Бирок бир нече секундадан кийин биз пулемёт атылганын уктук. Алгачкы ок атуудан кийин биз полдун үстүндө жатканбыз. Мен столдун аркасында жашынып алганмын. Бирок далым көрүнүп калса керек. Ал полдун үстүндөгүлөрдү карай ок атып жатты. Эгерде мен полдун үстүнө жатып ала турган болсом, мени атып салмак экен. Мен отурганымда аркама ок тийди. Анан мен өлүмүш болуп калдым. Антпесем мени дагы деле ата бермек”.

Стамбулдун атактуу “Рейна” түнкү клубуна 600дөн ашуун киши жаңы жылды тоскону келген эле. “ИМ” радикалдуу тобу былтыр Түркияда жасалган кеминде эки террордук чабуулдун артында турат.

"Ислам мамлекети" аталган радикалдуу топтун билдирүүсүндө Түркия Сирияда аба чабуулдарын жасап, күнөөсүз мусулмандардын канын төгүп жатат деп айыпталган.

Тема боюнча башка макалалар