Филиппинде абактан 150 адам качып кетти

Изделип жаткандардын алтоосу кармалганы кабарланууда
Image caption Изделип жаткандардын алтоосу кармалганы кабарланууда

Куралчан адамдар Филиппиндин Минданао аралында жайгашкан абак жайына кол салып, соттолгон 150 адам түрмөдөн качып кетти. Чабуулдун натйыжасында абактын бир коопсуздук кызматкери мерт кетип, абакта жаткан бир адам жаракат алды.

Бүгүн таңга маал ондогон куралчан адамдар Филиппиндин түштүгүндө жайгашкан аралдагы түрмөгө кол салышып, ок атышууда абактын бир кызматкери курман болду жана абакта жаткан бир адам жараат алды.

Абактын жетекчилиги кол салуу шаршембиге караган түнү, саат бирде болгонун билдирди. Филиппин полициясынын маалымат катчысы Дионардо Карлос чабуулдун айрым жагдайларына токтоло кетти:

“Абак жайларын башкаруу жана жаза берүү боюнча комитеттин билдирүүсүнө ылайык, кол салуу түнкү саат бирде башталып, эки сааттай уланган. Абактын кароолчулары чабуулга каршылык көрсөтүп жатканда, полиция келди. Ошол учурдагы тополоңдон пайдаланып, соттолгондор жыгач шатылардын жардамы менен түрмөнүн аркы бетинен качып кетишкен. Абактын кароолчулары кол салууга каршылык көрүү аракетин жасап жатканда соттолгондор учурдан пайдаланып калышты”.

Карлос абактан качып кеткендерди издөөлөр жүрүп жатат деди:

“Азыркы учурда полиция Абак жайларын башкаруу жана жаза берүү боюнча комитеттин ыкчам командасы менен биргеликте аймакта качып кеткендерди издөө иштерин жүргүзүп жатышат”.

Изделип жаткандардын алтоосу кармалганы кабарланууда.

Өлкөнүн расмийлери абакка кол салгандар Исламчыл сепартисттик топтор экенин билдирүүдө. Бул чабуулдун максаты исламчыл козголоңчуларды абактан бошотуу эле.

Көпчүлүгү католиктер болгон Филиппин түштүктө сепаратисттерге каршы күрөшүүнү ондогон жылдардан бери улантып келет.