Израилдеги аскердин соту коомду экиге бөлдү

Ортодо турган Елор Азария апасы жана достору менен соттун өкүмүн күтүп жаткан учуру
Image caption Ортодо турган Елор Азария апасы жана достору менен соттун өкүмүн күтүп жаткан учуру

Израилдин 'Кфир' жөө аскерлер бригадасында кызмат өтөгөн 19 жаштагы Елор Азария шаршембиде аскердик сот тарабынан күнөлүү деп табылды. Ал жараат алган палестиналыкты жерде жаткан абалында атып салган. Бул соттук чечим Израилдин коомчулугун экиге бөлүп, соц тармактарда кызуу талкуу жаратты.

"Сот адвокаттын Азария өзүн коргоп жаткандыктан курал колдонгон деген жүйөлөрдү четке кагып, жерде жаткан палестиналыкты башка атканын актап чыкканга эч кандай себеп тапкан жок", - деди аскердик соттун башчысы Майя Гелер.

Соттун чечими окулгандан кийин Азарияны колдоо үчүн Тель-Авивге келген демонстранттар массалык тополоң кылуу аракетин башташты. Полиция күч колдонгонго мажбур болуп, бир нече адамдар кармалды. Соттолгон аскерди Израилдин көптөгөн саясатчылар да колдогонун билдиришти.

Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху соттун чечими боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Шаршемби күнү кечинде ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасында “Бул барыбыз үчүн, өзгөчө Азария жана анын үй-бүлөсү үчүн абдан оор күн болуп турат. Андан тышкары Израилдин армиясындагы аскерлер жана алардын ата-энелери бул окуя абдан тынчсыздандырат. Мен Израилдин бардык жарандарын армияга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып кетээр элем. Биздин бир эле армиябыз бар жана аманчылыкта жашап жатканыбыздын тиреги дал ошол армия болуп берет. Биздин аскерлерибиз – биздин эле уулдар жана кыздарыбыз. Алар ар түрдүү келишпестиктердин сыртында турушу керек. Мен Азарияны актоону колдойт элем”.

Тема боюнча башка макалалар