Тунисте өлкөгө кайткан жихадчыларга каршы акция өттү

жихадчыларга каршы акция Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Тунистин баш калаасында миңге чукул киши чогулуп, Сирия, Ирак, Ливиядагы согуштук жаңжалга катышып, өз мекенине кайтып келген жихадчыларга каршы акция өткөрдү.

Каршылык акциясынын катышуучуларынын айрымдары «Террорчуларга кайтып келүүгө жол жок!» деп кыйкырып турушту. Көпчүлүгү колдоруна экстремисттер тарабынан өлтүрүлгөн атайын кызматтын жана аскер адамдарынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Тунис бийлиги согуштук аракеттерге өлкө боюнча үч миң чамалуу жараны катышып, аларды 800 чукулу кайтып келгенин билдирүүдө.

Эксперттердин пикиринде Ирак менен Сирия аймагында өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун турумдарына жасалган операциялар теги Тунистик согушкерлерди мекенине кайтууга арагасыз кылган.

Тема боюнча башка макалалар