Стамбулдагы кол салууга эми өзбекстандык шектелүүдөбү?

шектүү катары аталып жаткан киши

Түркиялык маалымат каражаттары полицияга шилтеме берип, Стамбулдага "Рейна" түнкү клубундагы кол салууга өзбек тектүү адамдын тиешеси бар экенин жазышууда.

Азырынча шектүү катары аталып жаткан кишинин Өзбекстан жараны же теги өзбек экендиги тууралуу так маалыматтар айтылган жок.

Соңку күндөрү Түркиянын коопсуздук кызматтары Стамбулдагы Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары жана уйгурлар жашай турган кварталынан бир нече чет өлкөлүктөрдү кармаганы жөнүндө кабарлар тараган. Бирок алар кайра бошотулганбы же расмий айыптоолор менен кармалып отурабы, маалымат жок.

Жаңы жыл алдындагы Стамбулдагы түнкү клубка кол салуу Түркиядагы эң кандуу окуялардын бири болуп калды. Кол салуудан 39 киши каза тапкан.

Бул кол салууга кыргызстандык жарандын да аты аталып, интернетке анын паспорту жарыяланып кеткен. Кыргызстандык бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, такталбаган маалымат таратып жибергендиги үчүн айрым түрк маалымат каражаттарына нааразылыгын билдирген эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтында түрк тарап Машрапов боюнча эч кандай суроо-талабын жөнөтпөгөнүн белгилеп, массалык маалымат каражаттарын күнөөсү далилдене элек адамды каралоону токтотууга чакырган.

Андан соң кол салууга шектүү кишинин уйгур экени да айтылды. Түрк полициясы шектүүнүн өздүгү аныкталганын кабарлаганы менен анын ким экени тууралуу так маалыматтар чыга элек.

Тема боюнча башка макалалар