Мексикада бензиндин кымбатташы нааразылыкты күчөттү

нааразылык акциясы Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Миңдеген мексикалыктар күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу борбор шаардын көчөлөрүндө кайрадан нааразылык акциясын өткөрүүдө. Ѳлкөдө массалык каршылыктар бир нече күндөн бери уланып жатат.

Өкмөт 1-январдан тарта бензиндин, дизелдин баасын 20 пайыз жана 16,5 пайызга көтөрдү. Баанын өскөнү улуттук валютанын долларга карата куну төмөндөп жаткан учурга туш келди.

Бул жолку нааразылык жүрүштөрү өлкө Президенти Энрике Пенья, профосоюз лидерлери жана ишкерлер менен жолугушкандан кийин башталды. Каршылык акциясына чыккандар Президенттин отставкасын талап кылууда.

Мунун алдында өлкө лидери баанын кымбаттаганы мунайга болгон баалардын өсүшүнө байланыштуу деп билдирген. Эки күн мурунку демонстрация учурунда кеминде алты киши каза таап, бир жарым миңдейи камакка алынган. Каршылык жүрүштөрү учурунда жүздөгөн соода түйүндөрү тонолду.