ФИФА: Дүйнө чемпионатына катыша турган курамалар саны 48 болот

ФИФА Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Дүйнөлүк футбол бирикмесинин кеңеши 2026-жылдан баштап Дүйнө чемпионатына катыша турган курама командалардын санын 32ден 48 ге көбөйтүү боюнча чечимди бир добуштан колдоду.

ФИФАнын "Твиттердеги" расмий баракчасында турнирдин катышуучулары үч командадан алты тайпага бөлүнөрү жазылган. Чемпионаттын жүрүшүндөгү беттештер 64 оюндан 80ге көбөйөт. Турнирдин убактысы 32 күн болот.

Футбол бирикмесинин эсептөөсүндө бул чемпионаттын кирешесин да арттырмакчы. ФИФА жетекчиси Жанни Инфантино командалардын санын көбөйтүү тууралуу сөз өткөн жылдын күз айында болгонун белгиледи.

Азыркы эреже боюнча Дүйнө чемпионатына 32 улуттук курама команда катышып, алар өз чөлкөмдөрүндөгү тандоо оюндарынан утуп чыгышат. Ар бир тайпада төрттөн команда болуп, сегиз тайпага бөлүнүп финалдык оюндарды өткөрүшөт.