Казакстанда мурдагы экономика министри камакка алынды

Казакстан Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаңы жыл алдында отставкага кеткен Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев пара алган деген шек менен камакка алынды.

Декабрь соңунда өлкөдө үч чиновник, анын ичинде атайын кызматтын мурдагы жетекчиси кармалган.

"Бишимбаев бир нече ирет ири суммадагы пара алган» деп кармалганын айрым басылмалар жазып чыгышты. Мурдагы чиновникти убактылуу кармоочу жайга камашкан.

Ѳлкө Президенти Нурсултан Назарбаев 2016-жылдын 28-декабрында Бишимбаевди кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Эки күн өткөндөн кийин Назарбаев кызматтан кеткен министрдин үстүнөн иликтөө болоорун айткан деп жазат Интерфакс.

Бишимбаев экономика министрлигин бир жарым жылдай жетектеди. Ага чейин "Байтерек" улуттук холдингин башкарган. Холдингдин максаты улуттук компаниялардын акцияларын башкаруу жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү деп жазылган расмий сайтында.

2016-жылы ноябрь айында холдингдин алдындагы "Байтерек девелопмент" компаниясынын топ-менеджерлери кармалган. Тергөө маалыматына караганда алар курулуш компанияларынан ири суммадагы пара алган, коррупциялык схемаларга катыштыгы бар деп кармалышкан. Ошол учурда министр Бишимбаев бул коррупциялык схема боюнча кабары жок экенин айткан эле.

28-декабрда Казакстанда жогорку кызматтагы үч киши кармалды. Анын ичинде Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Нартай Дутбаев дагы бар. Аларды мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпташууда.

Тема боюнча башка макалалар