Орусия Сирияга келген аскер учактары боюнча түшүндүрмө берди

аскер учактары Сүрөттүн автордук укугу AFP

Орусиянын Коргоо министрлиги америкалык Fox News каналынан кеткен маалымат боюнча үн катты. Анда Владимир Путиндин Сириядагы аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча билдирүүсүнөн кийин кайра аскердик күчтөр көбөйтүлүп жатканы айтылган эле. Орусиянын Коргоо министрлиги муну "пропагандалык апыртма" деп атады.

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков белгилегендей, Президент Путиндин тапшырмасы аткарылып жатат. Ал Орусиянын Түндүк флотунун аскер-деңиз күчтөрү артка кайтып жатканын, анын ичинде аскер учактарын алып жүргөн «Адмирал Кузнецов" кемеси Орусияга кайтканын билдирди.

Генерал Конашенковдун айтымында, Латакиядагы Хмеймим аба базасынан биринчилерден болуп алты Су-24 аскер учактары таштап чыгып кетти. Базага Орусиядан төрт Су-25 аскер учагы барды деген маалыматты Коргоо министрлигинин өкүлү «авитехникаларды пландуу ротация кылуу» деп атап, ошол эле учурда аскер учактарын алып чыгып кетүү уланарын кошумчалады. Бирок Сирияда орус аскер күчтөрү көбөйүп жатат деген болбогон кеп дейт орус тарап.

Орусиянын Сириядагы аскердик кийгилишүүсү кеңейип жатканы тууралуу маалыматты Fox News каналы эки америкалык чиновникке шилтеме берип билдирген эле. Алар дүйшөмбү күнү Хмеймим аба базасына Орусия Су-25 үлгүсүндөгү төрт аскер учагын алып келгени боюнча айтышкан.

Сирияда ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин орус президенти Путин аскер күчтөрүн кыскартуу тууралуу билдирген. Январда Казакстандын баш калаасы Астанада Сирия өкмөтү менен көтөрүлүшчүлөр ортосундагы сүйлөшүүлөр башталат деп күтүлүп жатат. Бирок азырынча сүйлөшүүгө кимдер бара турганы да белгилүү эмес. (AbA)

Тема боюнча башка макалалар