Мигрантты буттан чалган телеоператор соттолду

Мигранттын буттан чалып жыгытып, аты дүң болгон венгриялык телеоператор Петра Ласло Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мигранттар полиция курчоосун жарып качкан учурда, тасмага тартып жаткан Ласло эки кишини буту менен чалып жыгыткан. Анын бирөөсү өспүрүм кыз, экинчиси колуна ымыркай бала көтөргөн киши болгон.

Мигрантты буттан чалып жыгытып, аты дүң болгон венгриялык телеоператор Петра Ласлону коомдук тартипти бузган деген айып менен сот шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратты.

Бул окуя 2015-жылдын сентябрь айында N1TV теле каналынын кызматкери Сербия менен Венгрия чек арасындагы мигранттарды тасмага тартып жүргөн учурда болгон.

Мигранттар полиция курчоосун жарып качкан учурда, тасмага тартып жаткан Ласло эки кишини буту менен чалып жыгыткан. Анын бирөөсү өспүрүм кыз, экинчиси колуна ымыркай бала көтөргөн киши болгон. Анын бул кыймылы башка камерага түшүп калып, кийин интернетке тарап, бул аянычтуу көрүнүш телеоператордун дарегине айтылган сындарды күчөттү. Аны дароо эле кызматтан алышкан.

Ласлонун жактоочусу сотто ал муну өзүн коргоо үчүн жасаганын айтты. Сотто көзүнө жаш алган оператор дагы коркуп кеткенин айтып, андан кийин аны дарегине коркутуулар, жаман сөздөр көп болгонун даттанды. Ласло соттун чечими боюнча доо арызын берерин билдирди. (AbA)