Түштүк Кореяда Samsung компаниясынын вице-президентин камакка алууга ордер берилди

Түштүк Кореянын прокуратурасы өлкөдөгү эң бай бизнесмен, Samsung Electronics компаниясынын жетекчи орун басары Ли Жэёнду камакка алуу боюнча ордер берди.

Эгер сот бул чечимди бекитсе, анда ал шаршемби күнү камакка алынышы мүмкүн.

Тергөөдө бул акча которууларды бир жагы паракорчулук катары да караса болот деп айтылууда. Муну менен компаниялар талаштуу маселе болуп калса бийликтен колдоо үмүт кылыш да мүмкүн.

Ли Жэён формалдуу түрдө Samsung компаниясынын вице-президенти кызматында. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гон Хи жүрөк оорусуна кабылгандан кийин, иш жүзүндө ал корпорацияны жетектеп жүрөт.

Ли Жэён парламенттик угуу учурунда өзүнө тагылган айыптоолорду четке какты. (AbA)