2014-жылы дайынсыз жоголгон учакты издөө иштери токтотулду

Кырсыктын себептери азырга чейин аныкталган жок Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кырсыктын себептери азырга чейин аныкталган жок.

Австралия, Малайзия жана Кытай 2014-жылы дайынсыз жоголгон «Боинг» учагын издөө иштерин токтотконун жарыялашты. Малайзия аба жолдоруна таандык учак MH370 каттамы менен Куала-Лумпурдан Пекинге учуп чыгып, дайынсыз жоголгон эле.

Учак кырсыкка учурашы мүмкүн деп болжонгон Австралиянын батыш тарабындагы 120 миң чакырым аймак толугу менен тинтилип чыккандан кийин, издөө иштери токтотулду. Учактын кулап түшкөн жерин табууга мүмкүн болгон жок.

«Boeing 777» үлгүсүндөгү учак Куала-Лумпурдагы аба майданынан 2014-жылы 8-мартта Пекинди көздөй учуп чыккан. Ошондон эки саат өткөндөн кийин учак радарлардын экранынан жоголуп кеткен. Учакта 227 жүргүнчү жана экипаждын 12 мүчөсү болгон.

Учак Индия океанына кулап түшкөн болушу мүмкүн деген жоромолдор да айтылып, издөө иштери жүрдү. Океандын ар кайсыл жерлеринен учактын 20дай тетиктери табылган. Бирок табылган калдыктардын жетөө гана дайынсыз жоголгон учакка таандык болшу мүмкүн экендиги айтылган. Кырсыктын себептери азырга чейин аныкталган жок. (AbA)