Жоржия менен Миссисипидеги табият кырсыгы 18 кишинин өмүрүн алды

торнадо Сүрөттүн автордук укугу epa

Жоржия менен Миссисипидеги торнадо кырсыгы кеминде 18 адамдын өмүрүн алды деп билдирди куткаруу кызматтары.

Жоржиянын губернатору Натан Дил штаттын түштүгүндөгү жети аймакка өзгөчө кырдаал абалын киргизиди. Каза тапкандардын он төртү ушул аймактардан.

"Катаал аба-ырайы Жоржиянын түштүгүндөгү жана борбордук бөлүгүндөгү калктуу конуштарды, үйлөрдү талкалады. Учурда бардык жардамдар жабыр тарткан райондорго жөнөтүлүп жатат',-деп билдирди губернатор.

Брукс округунун бийлиги торнадо фургонду аба көтөрүп, жүз метрдей ыргытканда 2 киши каза болгонун кабарлады. Миссисипиде торнадо төрт кишинин өмүрүн алып, 50 адам жаракат алган. Бул аймаккта шамал саатына 218 км согуп турду.

Метеорологдор жакынкы күндөрдө торнадо Флориданын түндүк аймагында, Жоржиянын түштүгүндө жана Түштүк Каролинада күтүлүп жатканын болждоодо. Ѳлкөнүн Президенти Дональд Трамп каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Жоржиянын бийлиги тургундарга торнадо учурунда жууркан, төшөнчүлөрдү куюн алып келген чаңдан коргонуу үчүн пайдаланууга кеңеш берип жатат.